1961-ж. – 19-сентябрда Фрунзе шаарынын ЖЭБинде 25 мВт кубаттуулуктагы биринчи отказан агрегаттары жана баралар иштей баштаган. 304-октябрда Үч-Коргон ГЭСинде канал тосулган. Суу сактагыч толтурула баштаган. 30-декабрда Үч-Коргон ГЭСинде кубаттуулугу 45 миң кВт биринчи гидроагрегат иштеей баштаган. Ишке киргизилген: 110 кВ ЭӨЧ: 8,5 км Фрунзе ЖЭБи – Түштүк I, II – 2 чынжыр, 36,7 км Үч-Коргон ГЭСи – Избаскент, 33 км Избаскент – Түштүк, 35 кВ АЧ: 19,7 км Избаскент – Безымянная, 10,2 км Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр - Кара-Суу тилкеси, 21,8 км Чүй облусундагы Ивановка – Юрьевка, 8,5 км Чүй облусундагы Ивановка – Красная Речка, 13,8 км Чүй облусундагы Жаңы-Жер-Жаңы-Пахта.
1962-ж. – Фрунзе шаарынын ЖЭБинде 25 миң кВА кубаттуулуктагы экинчи бара агрегаты ишке киргизилген. Апрель айында “Нарын гидроэнергетикалык түзүлүшү” курулуш башкармалыгы Токтогул ГЭСин кура баштаган. Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычы май айында жогорку чекке чейин толтурулган. 3-июнда Үч-Коргон ГЭСиндеги 450 миң кВт кубаттуулуктагы экинчи гидроагрегат өнөр жай үчүн иштетиле башталган. Июль айында Үч-Коргон ГЭСинин 110 кВ АЧ – Токтогул ГЭСинин курулуш аянтчасы курула баштаган. Сентябрда Үч-Коргон ГЭСинде 45 миң кВт кубаттуулуктагы үчүнчү гидроагрегат өнөр жай үчүн иштетиле баштаган. 5-ноябрда Үч-Коргон ГЭСинде 45 миң кВт кубаттуулуктагы төртүнчү гидроагрегат иштей баштаган.