Электрондук кабылдама
Поделиться материалом
- Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн электрондук кабылдама түзүлгөн, ага ар бир жаран өздөрүнүн суроолорун жөнөтө алат.
- Арыз ээси электрондук кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” №67 мыйзамынын 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык аты-жөнүн, телефон номерин (үй, чөнтөк же жумушунун), жашаган дарегин (ага электрондук кайрылуу каралып чыккандан кийин жазуу түрүндө жооп кайтарылат) сөзсүз көрсөтүүгө тийиш.
- Арыз ээси электрондук кайрылуусунда кайрылуусунун маңызын жана далилдерин баяндоого тийиш (зарылчылыкка жараша бар документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек).
-
Мамлекеттик орган электрондук кайрылууларды Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” №144 мыйзамынын 7-беренесине ылайык төмөнкүдөй учурларда карабай коюуга укуктуу:
- Туура эмес лексикалар жана кемсинтүүчү айтымдар болсо;
- Иштеп жаткан мамлекеттик түзүлүштү жоюуга жана улуттар аралык жана диндердин ортосунда жаңжал чыгарууга чакырык ташталса;
- Арыз ээси байланыш телефондорун (үй, уюлдук же жумуш), жашаган жеринин дарегин (ага электрондук кайрылуу каралып чыккандан кийин жазуу түрүндө жооп кайтарылат) көрсөтпөсө.
КАЙРЫЛУУ ЖАЗУУ
Көңүл буруңуз! Бардык боштуктар толтурулууга тийиш!Сөзсүз туура e-mail даректи көрсөтүңүз. Ал дарекке кайрылууңуздун статусу жөнүндө билдирүү келет.
Урматтуу колдонуучулар – каттын көчүрмөсүн төмөндө берилген реквизиттер менен бирге energyholding.kg@gmail.com дарегине жөнөтсөңүздөр болот.
Поделиться материалом