Улуттук энергохолдинг
Рус Кыр
  • Компания жөнүндө
    • Холдингдин структурасы
    • Энергетика компаниялары
    • Холдинг жөнүндө устав
    • Вакансиялар
    • Жетекчилик
  • Акционерлерге жана инвесторлорго
    • Акционерлер үчүн эстеткич
    • Ишке ашырулуучу долбоорлор
    • Финансылык отчеттор
    • Дивиденддер
  • Ченемдик база
    • Мыйзамдар
    • Жарлыктар
    • Токтомдор
    • Программалар, стратегиялар
    • Буйруктар
  • Басма сөз борбору
    • Көп берилүүчү суроолор
    • Жаңылыктар
    • Сүрөттөр
    • Видео
  • Тендерлер
  • Байланыш
    • Байланыш
    • Электрондук кабылдама
Видео
Сортировка по дате:
  • Новые в начале
  • Старые в начале
Опубликовано: 08 января 2020
Энергетик - Султанов Кенжебеек

Энергетик - Султанов Кенжебеек

Подробнее...
Опубликовано: 08 января 2020
Нургазы Орозалиев “Жалал-Абадэлектро” ишканасында опурталдуу жумуш аткаргандардын катарында

⚡Нургазы Орозалиев “Жалал-Абадэлектро” ишканасында опурталдуу жумуш аткаргандардын катарында. Бирок ал элге үзгүлтүксүз жарык берип, жылуулук менен камсыз кылуу үчүн ар дайым жан үрөп иштейт.

Подробнее...
Опубликовано: 27 декабря 2019
Улуттук энергохолдинг Төмөнкү-Чүй адистештирилген мектеп-интернатына кайрымдуулук жардам көрсөттү

Башкарманын Төрагасы Айтмамат Назаров башында турган Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери Төмөнкү-Чүй адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барып, Жаңы жылдын алдында аларга белектерди тапшырышты. Кайрымдуулук жардамы бул социалдык мекемеге жыл сайын барып, айланасын тартипке келтирип, балдарга майрамдык маанай тартуулап жүргөн кызматкерлердин өздүк каражаттарынын эсебинен көрсөтүлдү. Зыяраттын жүрүшүндө Башкарманын Төрагасы Айтмамат Назаров белгилегендей, мына он жылдан бери энергетика министрлиги, андан кийин Улуттук энергохолдинг мектеп-интернатка колдоо көрсөтүп келе жатат. Айтмамат Назаров: “Бул адистештирилген мектепте окугандарга кайрымдуулук жардам көрсөтүү боюнча көп жылдык салтты чоң кубануу менен колдойбуз. Жаңы жылдын босогосунда балдар өзгөчө көңүл буруунун кучагында болуусун каалайбыз. Мекеменин мугалимдерине жана адистерине, алардын эмгеги, мектептин окуучуларына тартуулаган камкордугу жана сүйүүсү үчүн ыраазылык билдирем”, - деп айтып, Улуттук энергохолдинг интернатка жардам көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи. Окуучулар меймандарды жылуу кабыл алышып, Аяз Ата жана Аяз Кыз сыяктуу жомок каармандарынын катышуусунда жаңы жылдык оюн-зоок коюп беришти. Майрамдык иш чаранын жыйынтыгында окуучуларга таттуу белектер, ал эми интернаттын директоруна энергия үнөмдөчү лампалардын топтому тартууланды. Мекеменин администрациясынын өтүнүчү боюнча Айтмамат Назаровдун өздүк каражаттарынын эсебинен мектепке кир жуугуч машина тапшырылды.

Подробнее...
Опубликовано: 20 декабря 2019
Кыргыз энергетикасынын тутумунун 85 жылдыгына арналган видео тасма

Кыргыз энергетикасынын тутумунун 85 жылдыгына арналган видео тасма

 
Подробнее...
Опубликовано: 20 декабря 2019
Айтмамат Назаров: “Энергетиканын өлкөбүздүн өнүгүшүнө болгон салымы жылдан жылга өсүүдө”

Айтмамат Назаров: “Энергетиканын өлкөбүздүн өнүгүшүнө болгон салымы жылдан жылга өсүүдө”

Подробнее...
Опубликовано: 16 декабря 2019
Ыр саптар жүрөктөн жаралат

#менэнергетик “Ош электр” ишканасынын Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан калкты тейлөө борборунда эмгектенген Кеңешбек Толбаев жумушунан сырткаркы убактысын ыр жазууга арнайт. Анын калемине таандык 40тан ашуун чыгарма бар, ырлары негизинен Ата Мекен, жаратылышка арналган. Кыргызстандын эң алыскы аймактарынын биринде иштеген патриот энергетик тууралуу баянды төмөнкү видеодон көрүңүз.

Подробнее...
Опубликовано: 12 декабря 2019
Конор Макгрегор из Северэлектро

Белгилүү мушкер Конор Макгрегорду туурап опорага чыгып, атактуу болгон жаш энергетик эсиңиздеби? 22 жаштагы Адилет Асанбековдун бүгүнкү “тагдыры” эмне болду? Электромонтердун эксклюзивдүү интервьюсун кыргыз энергетикасынын 85 жылдыгына карата тартылган “Мен - энергетик” долбоорунун алкагында 20-декабрда көрө аласыздар.

Подробнее...
Опубликовано: 11 декабря 2019
Энергетика тармагында 30 жылдан бери эмгектенген, тажрыйбалуу электромонтер - Мария Алексеевна

Кыргызстандын чакан энергетика тармагынын калыптануу жана өнүгүү тарыхында айымдар маанилүү роль ойногон. Гидроэнергетикалык объектилерди курууда жана ишке киргизүүдө айымдар түздөн-түз катышкан. Жүздөгөн жана миңдеген айымдардын эрдигине аркылуу Фрунзе шаары электр энергиясы менен камсыз болуп, аскер-өндүрүш заводдору иштеп баштаган. Энергетика тармагында 30 жылдан бери эмгектенген, тажрыйбалуу, катардагы электромонтер - Башевская Мария Алексеевна, азыркы учурда ААК “Чакан ГЭС” компаниясынын кичи Аламедин ГЭСинин техникалык жабдууларынын толук кандуу иштөөсүнө жооптуу. Мария Алексеевнанын чоң тажрыйбасы, анын кооптуу абалдардан оной чыгууга жана өз убагында оор жагдайларды алдын алууга жардам берет. Мария Алексеевна өзүнүн жашына карабай жагымдуу жана таланттуу айым. Ал Ленин айылынын “Хмель” казак ансамблинин солисти болуп, маданий иш-чараларга катышып бизди сүйүнтүп келет.

Подробнее...
Опубликовано: 11 декабря 2019
Мастер - Каныбек Бакасов

“Мен энергетик” долбоорунун бул жолку каарманы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунда мастер болуп эмгектенген Каныбек Бакасов болмокчу. Ал эмгек жолун жөнөкөй электромонтердон баштаган.

Подробнее...
Опубликовано: 04 декабря 2019
Энергетик Абдымалик Мурзакеримов

Ноокат райондук электр тармактарында иштеген Абдымалик Мурзакеримов өзү кураган трактор менен жер айдоону кыйла жеңилдетип алган. Кадимки эле жеңил унаа «Жигулинин» тетиктеринен чогултулган тракторду ал үч жылда жасап бүткөн. Кырк миң сомдук тракторду төмөнкү видеодон көрө аласыз.

Подробнее...
  • Предыдущая
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • Следующая
  • »
Улуттук Энергохолдинг
Биздин байланыштар:
energyholding.kg@gmail.com
+996 (312) 56-18-22
+996 (312) 56-19-22
+996 (312) 56-19-32 басма сөз кызматы
720011, Бишкек ш., Жибек Жолу проспекти 326
Тез шилтемелер
  • Жаңылыктар
  • Суроо-жооптор
  • Тендерлер
  • Байланыш
  • Электрондук кабылдама
Өтүү жол картасы
© 2023 Улуттук энергохолдинг