Күрпсай ГЭСи - Кыргызстандын Нарын дарыясындагы ГЭС. Кубаттуулугу боюнча Токтогул ГЭСинен кийинки экинчи орунда турат. ГЭСтин кубаттулугу - 800 МВт, орточо жылдык өндүрүшү - 2,63 млрд кВт.саат. ГЭСтин имаратында кубаттуулугу 200 МВт болгон, 4 гидроагрегат орнотулган. ГЭС, Бишкек - Ош унаа жолунун 426 - чакырымдан 429 - чакырымга чейинки жол чарчысы менен чектешет, жакынкы калтуу аймак болуп Разан-Сай айылы эсептелет. Плотинаны куруу иштери 1976-жылы башталып, биринчи электр энергиясы 1981-жылы берилген. Плотинанын бийиктиги - 113 метр, узундугу - 364 метрди тузот. Электр энергиянын 25% Курпсай ГЭСинде ондурулот. 2019-жылдын ноябрында бул ГЭСке Турдакун Усубалиевдин аты ыйгарылган.
Шамалды-Сай ГЭСи Нарын дарыясында, Таш-Көмүр ГЭСинен 14 км ылдый жайгашкан. Гидротүйүндүн курамына төмөнкүлөр кирет: суу сактагыч, плотина, ГЭС имараты, суу түтүгү жана турбиналык суу откоргуч.. 2002-жылы, ГЭС долбоорлук кубаттулугуна чыгарылган 240 МВт. Биринчи агрегат 1992-ж. киргизилген Экинчи агрегат 1994-ж. киргизилген Үчүнчү агрегат 1996-ж. киргизилген • Ар бир гидроагрегаттын кубаттулугу - 80 МВт • Орточо жылдык электрэнергиясын ондуруу - 900 млн. кВт.саат • Суу сактагычынын жалпы көлөмү - 40,87 млн м3, пайдалуу көлөмү - 5,47 млн. м3. • болжолдуу сейсмотуруктуулугу - 8 балл
Ак үйдөн кийинки эле стратегиялык обьект болуп саналган Токтогул суу сактагычын кайсыл жылы, канча адам курган? Токтогул ГЭСи Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын канча пайызын түзөт? Кызыктуу фактылар төмөндө:
#менэнергетик Бишкек жылуулук электр борборунда инженер болуп иштеген Сергей Мальков бош убактысында ландшафттык дизайн менен алектенет. Ал үйүнүн короосун тал-теректер менен эле курчап алган. Энергетиктин хоббисинин жыйынтагын сиз да күбө болуңуз.
Жарандардын электр энергиясы менен камсыз болушу жана электр энергиясын пайдалануунун ыңгайлуулугу Улуттук энергохолдингдин Өнүгүү стратегиясынын башында турат. Интернет аркылуу онлайн тейлөө. Электр энергиясы үчүн төлөмдөр онлайн жүргүзүү. Алыстан жеке кабинет же мобилдик тиркеме аркылуу өчүрүү же кошуу. Абоненттерди тейлөө үчүн бирдиктүү терезе принциби.