Алиянын коңшулары оңдоп-түзөөгө муктаж электр жабдууларын түз эле алардын үйүнө алып келет. Себеби анын атасы Кыргызстандагы Чакан ГЭСтерде эмгектенет. Ал эми Алия ырдаганга шыктуу.
“Северэлектро” ишканасынын кызматкери Рустам Сакиевдин 1-класстагы кызы Сүйүн классташтарына электр энергиясын сарамжал пайдаланууну байма-бай түшүндүрүп турат. Биз анын мектептеги тыныгуу учурунда уюштурган беш мүнөттүк сабагына күбө болдук.
Улуттук энергохолдинг компаниясы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында тарткан видеотасмаларын бүгүн жыйынтыктайт. Бул жолку каарманыбыз жаш энергетик Уланбек Нурмамбетовдун кызы Бегимай болмокчу. Анын келечектеги максаты, атасынын жумушу тууралуу айткандарын чогу көрөлү.
⚡“Ошэлектро” ачык акционердик коомунун Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинде аймак жетекчи болуп эмгектенген Ислам Токтобаев бош убактысында комузда
АТА ЖОЛУН УЛАГАН АСЫЛЗАТ
#менэнергетик “Мен энергетик” долбоорунун бул жолку каармандары “Ошэлектро” ишканасынын Папан суу сактагычында иштеген жубайлар Салибай Маманов менен Сурмакан Баргыбаева болмокчу. Беш баланын ата-энеси энергетика тармагына кантип келип калган? Видеого назар салыңыз.
Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарды кышкысын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кимдер кам көрөт? Рыспек Керимбаевдин мисалында көрүңүз.
“Жалал-Абад электро” ачык акционердик коомунун майрамдык иш-чаралары Камалбек Капаровсуз өтпөйт. Ал аккардеон менен комузда кол ойноткондо айрым атактуу ырчыларды артта калтырат дешет кесиптештери. Энергетика тармагында 30 жылдан бери иштеп келаткан Камалбек Капаровдун өнөрүнө чогу ортоктош бололу.