Учурга карата Кыргызстанда 7 ири гидроэлектронстанция жана 2 жылуулук электр станциясы иштейт. Алардын бардыгы Советтер Союзу маалында ишке кирип, учурда ГЭСтердин эскилиги 80% жана ТЭЦтердики, бөлүштүрүүчү тармактардыкы 60% жетти. Энерго тармак толугу менен модернизацияга муктаж, ошондуктан, соңку 10 жылда тармактын кайра калыбына келтирүү жана абалын жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор ишке киргизилди. Долбоорлордун көбү тууралуу биз айтып бергенбиз, эми жалпы статистиканы чогулттук – видеону көрүңүз!
Электр энергиясына төлөмдөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
✅ Электр энергиясына төлөмдөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
✅ Электр энергиясына төлөмдөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
✅ Электр энергиясына төлөмдөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Улуттук энергохолдинг компаниясы энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлердин өнөрлүү балдарын тасмага тартты. Роликтен бала-бакча жашындагы таланттуу балдардан тарта башталгыч класстагы мектеп окуучуларын да көрө аласыздар. Алгачкы каармандарыбыз Бишкек ЖЭБтеги оңдоп-түзөө цехинде иштеген Улан Тилекматовдун кыздары – Камила менен Элина болду. Алар музыка дүйнөсүнө кызыгышат.
Төрт жаштагы Максим лампа чогултканды жактырат. Анын коллекциясындагы лампаларды сиз да көрө элек болушуңуз мүмкүн. Мындан да кызыгы, каарманыбыз күйбөй калган лампа көрсө алмаштырмайынча жаны жай албайт экен. Баса, анын ата-энеси “Бишкек жылуулук” ишканасында бир топ жылдан бери эмгектенет.
Келечекте президент болгусу келген Асхат энергетик атасын “человек паук” деп атайт. Эмнеге? Видеону көрүңүз...
Акмаржан көркөм гимнастикага кызыгат. Бул тармакты ал өз алдынча эле үйрөнүп алып, кийин атайын ийримге бара баштаган. Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасында иштеген Шамил Матаевдин таланттуу кызы тууралуу төмөнкү видеотасманы сунуштайбыз.
Сталбек кызы Айлуу «Чыгышэлектр» ААКнун электротехникалык кызматынын башкы инженеринин кызы. Анын атасы Сталбек Акмолдоев энергетика тармагында 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. Алгач энергетика тармагына электрэпкири (элетромонтер) болуп иштеп баштаган