Биз энергияны сарамжалдуу үнөмдөөнүн тараптарыбыз!
Жогорку чыңалуудагы чубалгылар эбегейсиз кан тамыр тармагы сыяктуу биздин өлкөбүздө жайылган. Алар ар бир үйгө, көчөгө, имаратка жылуулук жана жарык берет.
Кышында элди үзгүлтүксүз энергия жана жылуулук менен камсыздоо үчүн энергетиктер өлкө боюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Энергохолдингдин карамагындагы компаниялардын кызматкерлери жумуш учурунда ишин видего тартып, челленж уюштурушкан экен. Көрүп, ой-пикир калтырып коюңуз.
“Северэлектро” ААКнын Таластагы филиалында эмгектенген жаш адистер жыл сайын арбып жатат. Алардын арасында 23 жаштагы Айдар Ажибеков да бар. Учурда инспектор болуп иштеп жаткан каарманыбыз жумушунун оош-кыйышы, кыргыз энергетикасынын келечеги, кыялы тууралуу кеп курду. P.S Каарманыбыз видеого сулуу түшүү үчүн гана бет кабын чечти жана кардарларга квитанция тараткан сайын антисептик колдонуп жатты. Кыскасы, COVIDге каршы эрежелерди бузган жок.
Быйыл окууну аяктаган мектеп бүтүрүүчүлөрүн энергетик болууга чакырабыз. Анткени кыргыз энергетикасынын келечеги кең. Тармактагы мүмкүнчүлүктөрдү И. Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин деканы Жалалидин Галбаев айтып берди.
Дүйнөдөгү соңку кырдаалга карабай Кыргызстанда дээрлик бардык мамлекеттик мекемелер ишин так аткарганга аракет кылып жатышат. Алардын арасында энергетиктер да бар. Элди күнү-түнү үзгүлтүксүз жарык менен камсыз кылгандыгы үчүн энергетика тармагынын адистерине кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү чакан видео кайрылуу жасашыптыр. Төмөнкү видеону көрүңүз: