Көп берилүүчү суроолор
Поделиться материалом

1.     Эмне үчүн Кыргызстанда электр энергиясы жетишсиз болууда?

Суу аз болгондуктан Кыргызстандын энергетика тармагы оор абалда. Токтогул суу сактагычынын толушу жаз-күз мезгилдериндеги суунун агымына көз каранды. Башкача айтканда, апрель-сентябрь айларында Нарын дарыясынын жогорку агымындагы кардын эришине байланыштуу. Акыркы үч жылдан бери кышкысын кар аз жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суу аз топтолууда. 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 млрд кубометр суу топтолгон болсо, 2020-жылы – 15,2 млрд кубометр, ал эми 2021 – жылы 12,3 млрд кубометр суу топтолгон.

Жыл сайын Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өсүп жаткандыктан (быйыл күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн болжолдуу түрдө 8 млрд кубометрге чейин суу талап кылынат), өзүбүздүн колдо бар суубуз жетпей калышы ыктымал. Мындай учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү “эң төмөнкү деңгээлге” чейин түшүп кетет.

 2.     Суу сактагычтын “эң төмөнкү деңгээли” деген эмне?

“Эң төмөнкү деңгээл” – суу сактагыч андан ары иштөөгө мүмкүн болбой калган чекке жеткени. Токтогул суу сактагычы үчүн 5,6 млрд кубометр суунун “жансыз көлөмү” катары көрсөтүлгөн. Бул деңгээлге жеткенде электр энергиясын өндүрүү толугу менен токтотулат. Эгерде 7 млрд кубометрге түшсө,  ГЭС авариялык режимде иштейт.  

3.     Эмне үчүн Кыргызстан башка мамлекеттерден электр энергиясын импорттоого мажбур?

Токтогул суу сактагычындагы сууну жана энергетикалык ресурстарды сактоо үчүн мамлекет электр энергиясын импортоодо. Анын негизинде маал-маалы менен өчүрүүлөр жана башка катаал чаралар колдонулган жок.

Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. Мунун мааниси канчалык олуттуу?

4. Энергоресурстарды сарамжалдуу пайдалануу дайыма маанилүү. Өзгөчө таңсыктык убагында өтө актуалдуу. Энергия үнөмдөөчү технологияларды колдонуу (электр энергиясын аз сарптаган лампаларды колдонуу, имараттарды жылуулоо, жаңы курулуштарда энергияны үнөмдөөчү жана жылылуулукту сактай турган материалдарды колдонуу), жылытуу максатында электр энергиясын колдонуудан баш тартуу, энергоресурстарды үнөмдөө – булар Токтогулдагы сууну сактоого жана анын көлөмүн опурталдуу деңгээлге жеткирбей кармап калууга жардам берет.

 

5.     Энергиянын кайра жаралуучу булактары деген эмне? Алар Кыргыз Республикасы үчүн кандай мааниге ээ?

Энергиянын кайра жаралуучу булактары – электр энергиясын иштеп чыгуунун негизги ыкмасы. Өндүрүлгөн электр энергиясынын 80% ашыгы гидроэлектрстанцияларда иштелип чыгат. ЭКЖБны (энергиянын кайра жаралуучу булактары) өнүктүрүү – биринчиден, экологиялык жактан таза, экинчиден, экономикалык жактан пайдалуу.  

6.     Энергетиктер дайыма оңдоо иштери жөнүндө кабарлашат, бирок жабдуулардын эскилиги боюнча көйгөй чечилбей келүүдө. Себеби эмнеде?

Өлкөнүн энергетика тармагындагы негизги техникалардын эскилиги жеткен (50-60%дан ашуун жабдуулар иштөө мүмкүнчүлүгү төмөнкү чекке жеткен) – бул электр энергиясы менен камсыз кылууда тобокелге салган опурталдуу босого. Бул жагдай аварияларды жана жабдуулардын иштен чыгуусуна алып келүүдө. Капиталдык оңдоо үчүн ири сумма талап кылат жана социалдык чыңалууга алып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тутуму жыл бою керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого жараксыз. Бул экономикалык жоготуудан тышкары, өлкөдөгү ишкердик жана инвестициялык климаттын солгундашына алып келет.

Жабдуулардын эскилигинен жана ички керектөөнүн өсүшүнөн улам “КУЭТ” ААК (Ала-Арча, Узловая, Главная) түйүндүк көмөк чордондорунда ашыкча чыңалуу байкалууда. Чыңалууну азайтуу үчүн жаңы көмөк чордондорун куруу жана Бишкек, Ош шаарларындагыларынын кубаттуулугун жогорулатуу талап кылынат. 

7.     Энергетикалык жоготуу деген эмне? Алардын себеби эмнеде?

Электр энергиясын жеткирүү жана бөлүштүрүү процесси жоготуу менен коштолот. Анын себеби түрдүү. Жоготуунун бир бөлүгү электр энергиянын техникалык керектөөсү болуп саналат. Ал тармактагы каршылыкты жеңип өтүп кардарларга электр энергиясын жеткирүүгө коройт.

Энергосистема – бул көмөк чордондорунан жана бутактанган тармактан турган кайра жандандыруучу жана бөлүштүрүүчү система. Көмөк чордондордогу ток өз жолунда каршылыктарга дуушар болот, аларды жеңип өтүү үчүн энергия керектелет. Бул энергия жылуулукка айланат жана кайтарымсыз айлана-чөйрөгө тарап кетет. Бирок бул жалгыз эле себеп эмес. Иштөө учурунда байланыштыргычтардын эскилиги жетип ток өткөрүмдүүлүгү начарлайт. Бул дагы электр энергиясын жоготууга алып келет.

Энергетикадагы жоготуунун деңгээли кандай?

2021-жылдын жыйынтыгы менен бөлүштүрүүчү электрокомпаниялардын жоготуунун көлөмү 11,8 %ды (1 532,3 млн. кВтсаат) түздү. 2020-жылга салыштырмалуу 0,6 %га аз. Анда жалпы жоготуулар 12,4% (1 569,2 млн. кВтсаат) түзгөн.

 

8.    Энергокомпаниялардын мамлекет жана тышкы донорлор алдындагы карызы канча? Бул каражаттар кандай максаттарга колдонулган?

2022-жылдын 1-январына карата энергокомпаниялардын жалпы карызы 136 467,8 млн. сомду түзөт. Бул көрсөткүч 2020-жылдын 1-январына салыштырмалуу 30 325 млн. сомго көп. Насыялык милдеттенмелердин өсүшүнүн негизги себеби чет элдик валютанын улуттук валютага карата баасынын жогорулашы болду.

2023-жылдан тартып насыя төлөөнүн жогорку чеги башталат. Бул жылына болжолдуу түрдө 12 млрд. сомду түзөт. Көрсөтүлгөн сумма энергокомпаниялардын жалпы кирешесинин 50% түзөт. Ошондуктан техникалык тейлөө жана энергетикалык жабдууларды оңдоо, республикалык бюджетке кошумча чыгым, корголгон статьялар боюнча (ЭТФ (эмгекти төлөө фонду), салык, камсыздандыруу төлөмдөрү) өз убагында төлөөдө коркунуч туулат. 

Жыйынтыгында, өндүрүштүк чыгымдарды жетишсиз камсыздоо авариялык кырдаалдардын көбөйүшүн жана керектөөчүлөр менен экономикалык тармактарды энергетикалык камсыздоонун үзгүлтүккө учурашына алып келет.

9.     Тарифтер жогорулайбы?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы электр энергиясынн тарифи социалдык багытта. Бул дүйнө жүзүндөгү эң төмөнкү баа. Социалдык багыттагы тариф   энергетика тармагын өнүктүрүүгө, реформалоого багытталган артыкчылыктуу программаларга жетиштүү деңгээлде ресурстарды салууга жол бербей келет. 

Энергокомпаниялардын карызы (насыялар, ссудалар) 136,5 млрд. сомдун тегерегинде.

Ошол эле учурда азыркы тарифтер менен электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат энергокомпаниялардын насыяларды төлөө менен күнүмдүк чыгымдарынан аз сумманы түзөт.

Орточо бааланган тариф боюнча электр энергиясынын өздүк баасын да жабуу мүмкүн эмес. Күтүлгөндөй эле 2021-жылы 1 кВт/саат электр энергиясы 181 тыйындан ашыгыраак бааны түздү (иштеп чыгуу, жеткирүү, бөлүштүрүү, кошумча нарк салыгы, техникалык жоготуулар).

Ошондуктан энергокомпаниялар чыгымдарым оптимизациялоого мажбур. Анткен менен, чыгымдарды тез-тез, аргасыз кыскартуу жана оңдоо иштери менен капиталдык салымдарды жетишсиз камсыздоо авариялардын көбөйүшү, өчүрүүлөр сыяктуу көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө электр жана жылуулукка 2021-2025-жылдарга карата орто мөөнөттүк тариф саясаты бекитилген. Ага ылайык, калкка электр энергиясынын тарифи жогорулабайт жана айына 700 кВт/саатка чейин 0,77 сом, 700 кВт/сааттан ашса 2,16 сом боюнча калат.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган керектөөчүлөргө электр энергиясын пайдалануудагф чектөө жокко  чыгарылат. Башкача айтканда, 1 кВт/саатка 0,77 сом тарифи чектөөсүз күчүндө болот.

Социалдык балдар мекемелерине, электр унааларына, диний уюмдарга өзүнчө тариф бекитилет жана ал (салыкты эске албаганда) 1 кВт/саатка 168 тыйынды түзөт.

Төмөнкүлөргө гана тариф жогорулайт:

-   насостук станциялар - тариф 1 кВт/саатка 1,09 сом (салыктарды эске албаганда) болсо, 31,6 тыйынга жогорулады;

-   өндүрүштүк, айылчарбалык жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф 1 кВт/саатка 2,52 сом (салыкты эске албаганда) болсо, 28 тыйынга жогорулады;

- бюджеттик керектөөчүлөргө 3,4 сом болсо, 1,16 сомго жогорулады;

-   электр энергиясын көп керектөөчү комерциялык структураларга (майнингдик субъектер, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюучу цехтер, алкоголдук ичимдик өндүрүүчүлөр, цемент заводдору) жогорулоочу коеффиценттер колдонулат. 

Кийинки жылдары, тарифтерди өзгөртүү учурда иштеп жаткан орточо-ыкчамдыктагы тарифтик саясатка ылайык, инфляцияны эске алуу менен жүргүзүлөт, ошол эле учурда КР министрлер кабинетинин чечими талап кылынат. 

 

10. Тариф эмнеден түзүлөт?

     Энергетика тутумуну  бардык чыгымын жабуучу тариф 1 кВт/саатка  1,81 сомду түзөт. Ошол эле учурда бул тариф 2021-жылдагы пландалган чыгымдарды эске алуу менен эсептелди. Буга ылайык, электр энергиясынын пландык баасы келип чыккан:

Электр энергиясын иштеп чыгуу – 0,72 сом

Анын ичинде:

- ГЭСке – 0,18 сом

- ТЭЦке – 3,30 сом.

жеткирүү - 0,28;

бөлүштүрүү – 0,53;

КНС – 0,12;

техникалык жоготуулар – 0,16.

Бүгүнкү күндө калкка электр энергиясына болгон тариф 1 кВт/саатка 0,77 сомду түзөт. Мындай тариф дүйнө боюнча эң төмөнкү болуп саналат.

11.  Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда электр энергиясы арзан. Кыргызстан эмненин негизинде бааны кармап турат?

КМШ боюнча электр энергиясына болгон баалар тууралуу маалымат (сом):

Тажикистан 1,64

Казакстан  2,39-3,83

Өзбекстан  2,3

Россия        4,65

Армения    5,48-7,05

Беларусь    6,01

Тарифтер Кыргызстанда калк үчүн субсидияланат жана электр энергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү наркын жаппайт.

2020-жылы бир кВт/саат электр энергиясынын өздүк наркы 1,48 сомду түзгөн, башкача айтканда, сатуу баасынан 2 эсе көп. Ошол эле учурда тарифтик саясат акыркы жети жылдан бери өзгөргөн эмес. Кыргызстандагы тарифтердин абалы уникалдуу, анткени дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттерде тариф жыл сайын жогорулап турат.

 

12.  Өндүрүш объектилери үчүн тарифтер жогорулагандан кийин түшкөн каражаттар кандай максаттарга коротулат?

 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясы алынууда.                                                       

Токтогул суу сактагычындагы абал жакшырмайынча Кыргызстан 2022-жылы дагы электр энергиясын импортоо ниетинде. 

Мындан тышкары электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн ТЭЦтин иши көбөйтүлдү. Бул үчүн отун ресурстарын сатып алууга кошумча чыгым керек.

Өндүрүштүк объектилер үчүн электр энергиясына болгон тариф жогорулагандан кийин түшкөн каражаттардын бардыгы, электр энергиясын импорттоого, ТЭЦке отун ресурстарын сатып алууга, ошондой эле колдо бар энергетикалык жабдууларды жаңыртууга жана жаңысын курууга багытталууда.   

13.  Энергокомпаниялардын финансылык көрсөткүчтөрү кандай?

Бүгүнкү күндө энергокомпаниялардын карызы (1 АКШ доллары = 85 сомго барабар болгон учурда) 136,5 млрд. сом. Насыялар боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу 2025-жылга туура келип, 14,3 млрд сомду түзөт.   

Жабдуулардын 70 пайызынын эскилиги жеткен. Бул өтө кооптуу көрсөткүч.  

 

14.  Энергетика тармагында кандай реформалар жүргүзүлөт?

     Бүгүнкү күндө КРдин Энергетика министрлигин тарабынан бирдиктүү тармакты башкаруу вертикалы түзүлдү:  

- ОЭКЖМА (Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик) менен  Экологиялык жана техникалык

коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция  жаңы түзүлгөн КР Энергетика министрлигинин курамына кирди; 

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан энергокомпаниялардын акцияларын өткөрүп берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бирдиктүү башкаруу органы болуп калды;

- КР Энергетика министрлиги менен “Улуттук энергохолдингдин” бири-бирин кайталаган функциялары жоюлду. Ошентип Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги отун-энергетика комплексин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болсо, ал эми “Улуттук энергохолдинг” энергокомпаниялардын административдик-чарбалык ишин координациялайт;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №5 “Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Улуттук энергохолдинг” тарабынан Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясы иштелип чыккан. Азыркы учурда жогоруда аталган Концепцияны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун тиешелүү долбоору демилгеленген жана бекитүү процедурасынан өтүп жатат.

Жогорудагы концепциянын алкагында бири-биринин функцияларын кайталаган энергокомпанияларды иргелештирүү жолу менен энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар иштелип чыккан. Энергетика тармагындагы реформалардын негизги максаты – тармактын туруктуу иштешин, финасылык жактан күчтөнүшүн, электр энергиясын иштеп чыгуучу жаңы кубаттуулуктардын ишке киришин жана КРдин энергетикалык коопсуздугун бекемдөөнү камсыз кылуу  максатында чыгымдар менен бизнес процесстерди оптималдаштыруу жолу менен энергокомпаниялардын ички ресурстарын локалдаштыруу.

Концепция бир катар багыттарды камтыйт, алардын негизгилеринин бири – “Улуттук энергохолдингге” караштуу ишканаларды бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу.

Концепция бекитилгенден кийин мындан аркы аракеттер дагы тагыраак көрсөтүлөт.

15.  Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай чараларды көрүү зарыл?

КРдин гидроэнергетикалык дарамети 142 млрд кВт/саат деп бааланганы менен, бүгүнкү күнү анын 10% гана пайдаланылууда.

Энергетикалык коопсуздукту жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 300 МВт кем эмес электр энергиясын иштеп чыгуучу резерв зарыл. Бир жыл мурун, 2021-жылдын 6-январында электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдуулардын жүгү дээрлик мүмкүн болгон жогорку маанисине жеткен (3391 МВт). Бул эң суук күндөрү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого техникалык жактан кепилдик бербейт дегенди билдирет.

Өндүрүүчү кубаттуулуктун жетишсиздигинин өсүшү учурда ишке ашырылып жаткан Камбар-Ата 2 ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке берүү, Токтогул, Ат-Башы, Үч-Коргон ГЭСтерин калыбына келтирүү долбоорлору аяктагандан кийин дагы сакталат.

 Жаралган кырдаалды эске алып, калкты жана КРдин экономикалык тармактарын жетиштү деңгээлде электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында электр энергиясынын көлөмүн көбөйтө турган бардык булактарды карап чыгуу зарыл. Анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды, ЭКЖБны ишке киргизүү жана өнүктүрүү, электр энергиясын КРге импорттоо ж.б. 

Республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, энергиянын жетиштүү резервин, өлкө экономикасынын өсүшүнө шарт түзүү жана CASA-1000 долбоору боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин (1860 МВт) курулуш долбоорун тездетүү жана иштеп жаткан ГЭСтерди өз убагында реабилитациялоо зарыл экендигин белгилей кетүү керек.

ЭКЖБны өнүктүрүү үчүн тарифтерди түзүү маселелерин карап чыгуу зарыл.

16.  Токтогул ГЭСинен сууну кайра суу сактагычка агызса болобу?

Жок. Болбойт. Учурдагы технологиялар дарыянын агымынын артка багыттоого мүмкүндүк бербейт. Мисалга Токтогул ГЭСин алалы. 

Токтогул ГЭСине мүмкүн делген эң чоң насосту орнотуп, сууну төмөнкү бьефтен жогорку бьефти карай айдап колдоно турган болсок, анда төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болобуз:

Насостун параметрлери: Q = 1613 м3/саат; Н = 175 м; Р = 1400 кВт.

Жогоруда аталган насос бир суткада 1400 * 24 = 33600 кВт/саат талап кылат;

бир айда 33600 * 30 = 1 008 000 кВт/саат сарптайт;

бир жылда 1 008 000 * 12 = 12 096 000 кВт/саат сарптайт.

Ал эми насос тынымсыз иштегенде төмөнкү бьефтен жогорку бьефти карай төмөнкүдөй көлөмдөгү сууну айдай алат:

бир суткада 1613 * 24 = 38 712 м3;

бир айда 38 712 * 30 = 1 161 360 м3;

бир жылда 1 161 360 * 12 = 13 936 320 м3.

Токтогул ГЭСинин номиналдуу деп эсептелген басымдагы (при расчетном напоре) 1 кВт.саат электр энергиясын өндүрүүгө кеткен үлүштүк чыгымы 2,87 м3/кВт.саатка барабар экендигин эске алсак, анда насостун артка айдап берген суунун кɵлɵмүнɵ ГЭС ɵзү төмɵнкүдөй көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыга алат:

13 936 320 / 2,87 = 4 855 860 кВт.саат.

Демек, жогорудагы эсептөөлөргө таянсак, анда Токтогул ГЭСинин төмөнкү бьефинен жогорку бьефин карай сууну айдап, аны кайрадан электр энергиясын өндүрүп алуу үчүн насосторду коюп иштетүү – пайда тапмак тургай, тескерисинче 3 эсеге жакын чыгымга дуушар кылат, тагыраак айтканда, насос бир жыл тынымсыз иштеген учурда 12 096 000 кВт/саат сарптайт, ал эми насос айдап берген сууга гидроагрегат болгону 4 855 860 кВт.саат электр энергиясын иштеп чыгарат.

Мындан сырткары, насостун өзүнүн баасы, анын такай иштөөсү үчүн оңдоп-түзөө иштерине жана аны тейлөөгө кеткен кошумча чыгымдар да бар экендигин белгилей кетүүгө болот. Токтогул ГЭСинен төмөн жайгашкан ГЭСтердин үлүштүк чыгымы Токтогул ГЭСиникине салыштырмалуу алда канча чоң экендигин эске алсак, анда чыгым 7 – 8 эсеге чейин өсөөрү шексиз.

Бирок, дүйнɵ жүзүндɵ тɵмɵнкү бьефтеги сууну жогорку бьефке айдап, насос жана турбина режимдерине улам которулуп иштеп, электр энергиясын ɵндүргɵн электр станциялары бар, алар “гидроаккумулирующие электрические станции” (ГАЭС) деп аталат. Бул станциялар ɵлкɵдɵгү же станция жайгашкан аймактагы электр энергиясынын тарифинин бир сутка ичиндеги бир нече жолку (4-5 түрлүү) ɵзгɵрүп туруусунун аркасында гана иштей алышат. Мисалы, электр энергиясына болгон тариф саат 17-00 дɵн 22-00 гɵ чейин 3 сом болсо, саат 24-00 дɵн тарта 06-00 гɵ чейин болгону 50 тыйынды түзɵт. Ошондо  саат 17-00 дɵн 22-00 гɵ чейин турбина режиминде иштеп электр энергиясын ɵндүрүп сатат, ал эми 24-00 дɵн 06-00 гɵ чейин насостук режимде иштеп сууну артка айдап, жогорку бьефти сууга толтурат.

17.  ЖЭБде көмүр менен мазуттан башка дагы отунду колдонуу мүмкүнбү?

Бишкекетин ТЭЦи көмүр, мазут жана газ менен иштейт. Ал эми ТЭЦте колго тийген нерсени жага берүүгө болбойт. Жабдуу жарактан чыгып калбаш үчүн тийиштүү тектеги көмүр талап кылынат. Ал Казакстандан сатылып алынат. Ал эми ТЭЦтин жаңыланган бөлүгү жергиликтүү көмүр менен иштейт.

  18. Бишкектин ЖЭБинен эмнеге жайкысын дагы түтүн чыгып турат?

Жылуу суу жана электр энергиясын өндүргөндүктөн Бишкектин ТЭЦи жайкысын да түтүн чыгып турат.  

19. Эмне үчүн жылуулук берүүнү аба-ырайына карата өчүрүп күйгүзүп турса болбойт?

Жылуулук берүү мөөнөтүнүн башталышы жана аякташы – бир топ татаал технологиялык процесс. Аны туура аткарып, жабдууну иш абалында сактоого 2-3 күн талап кылынат.

20. Жай мезгили Бишкек үчүн жаанчыл болду. Эмне үчүн Токтогулда суу топтолгон жок?

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясынын жогорку агымындагы кардын эришинен улам толот. Жаан-чачындар дагы Токтогулдун толушуна көмөктөшөт. Бирок суу сактагычты толтура турган дарыялар бар аймактарда жаан-чачын орточо көрсөткүчтөн ашкан эмес же төмөн болгон.

21. Эмне үчүн ЖЭБдин морлорунан түтүн чоң көлөмдө чыгат?

ТЭЦ иштеп жатканда морунан түтүн чыгыт. Тилекке каршы, андан толугу менен кутулуу мүмкүн эмес. Бирок фильтрлерди колдонуу менен кескин кысартууга болот. Бишкектеги ТЭЦтин фильтри беш кабаттуу үйдүн көлөмүндөй болгон имарат. Ага түтүктөр тартылган. Алар аркылуу түтүн өтөт. Имараттын ичинде тазалоо жүргүзүлөт. Ал эми ТЭЦтин морунан тазаланган түтүн жана буу чыгат. Так ушул буу өтө көп түтүн чыгып жаткандай элес калтырат.  

22. Электр энергиясы эмне үчүн кышкысын өчүрүлөт? Оңдоо иштерин жайкысын бүтүрүп койсо болбойт беле?

Жабдуунун эскилиги жеткендиктен, алар кышкысын жогорку чыңалууну көтөрө алат деп энергетиктер кепилдик бере албайт. Ошондуктан жылда жылуулук берүү убагына даярдануу үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.  

Авриялык кырдаал жаралган учурда адистер тез арада оңдоо иштерин жүргүзүү, коркунуч бар тилкелерде бригадалар байма-бай жабдууларды текшерүү учурунда электр энергиясы өчүрүлөт.  

23. Карапайым калкты тыйын үчүн өчүрүп саласыңар, атка минерлердин хан сарайларына алыңар жетеби?

Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген) 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык, (тараптардын милдеттенмелери) керектөөчү колдонгон электр энергиясы үчүн Жеткирүүчү тарабынан көрсөтүлгөн эсеп боюнча (төлөм документине)  белгиленген (төлөм документинде) мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.

Энергетикалык ишканалар дебитордук карызы бар бардык абоненттерди өчүрөт, анын ичинде өндүрүш объекттерин да.

24. Суу, элге таандык – Кудайдын берген ырыскысы! Силер аны сатып жатасыңар!

     Бул туура эмес түшүнүк, адашуу. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге электр энергиясын бере алат, бирок сууну саткан жок. Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгууда суу энергиясы пайдалангандыктан жаңылыштык болуп жатат. Ал ГЭСтин турбиналары аркылуу чоң басым менен агып өтөт. Бизде сатууга мүмкүн болгон электр энергиясы калат, ал эми суу өзүнүн нугу менен андан ары кете берет. Аны биздин өлкөнүн эли менен катар, дарыянын төмөн жагындагы өлкөлөрдүн калкы да пайдалат.  

25. Электр энергиясын коңшу мамлекеттерге арзан, өз элиңерге кымбат сатасынар!

Ички муктаждыкка ресурс жетишсиз болгондуктан, Кыргызстан акыркы жылдары электр энергиясын башка мамлекеттерге саткан жок. Бирок коңшулар менен энергия алмашуу тууралуу келишим бар. Жайкысын Кыргызстан ашыкча электр энергиясын коңшуларга берет. Алар күз-кыш мезгилдеринде ошол эле көлөмдү кайтарып берет.  

26. Электр энергиясын керектөө чеги деген эмне? Алар эмне үчүн киргизилет жана абоненттер үчүн кандай мааниге ээ?

Электр энергиясын керектөө лимити – электр энергиясын өндүрүү, жогорку вольттогу электр линиялары аркылуу жеткирүү жана керектөөчүгө чейинки бөлүштүрүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү.

Электр энергиясын керектөө чегинен ашып кеткенде электр жабдуулары ашыкча чыңалуу менен иштейт, бул авариялык коркунучтарды бир топ жогорулатат. Белгилей кетсек, электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдууларда, жогорку вольттогу көмөк чордондорунда ашыкча чыңалуу болгон учурда,  өлкөдө гана эмес, Бирдиктүү энергетикалык системага кирген Борбор Азия мамлекеттериндеги өзгөчө кырдаалдын алдын алуучу автоматика ишке кирип, электр энергиясын берүүнү чектеп коюшу мүмкүн.

Өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү Нарын дарыясынын бассейниндеги агымга жана Токтогул суу сактагычында  топтолгон суунун көлөмүнө байланыштуу. Суунун агымы жана Токтогулдагы суунун көлөмү азайган учурда электр энергиясын иштеп чыгуу азаят. Ошол эле учурда ички керектөө күчөп кеткен маалда көмөк чордонго күч келсе иштен чыгып, электр энергиясын берүү узак мөөнөткө чектелиши мүмкүн.

Ага ылайык, электр энергиясынын керектөө чегин белгилөө – энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү иштөөсү менен, керектөөчүлөргө  электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылууга көрүлгөн техникалык чара.  

Электр энергиясын керектөөнүн чеги жыл сайын КРдин Минисрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн экономикалык тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилдерине, аймактарынын шартына ылайык даярдоо жөнүндөгү токтому менен бекитилет.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суу-энергетикалык ресурстардын топтолушу боюнча түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Токтогул суу сактагычындагы сууну жол берилген деңгээлден төмөндөтүп албоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында электр энергиясын керектөөнүн чеги мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн коюлган:

Тагыраагы, 2021-2022-жылдарга коюлган чек 11 231,040 млн кВт/саат (КРдин Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 191 токтому), 2020-2021 күз-кыш мезгили үчүн чек 12 039,290 млн кВт/саат болгон (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 520 токтому), 2019/2020-жылдарга күз-кыш мезгилине чек 12 128,863 млн кВт/саатты түздү (КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 544 токтому).

Бекитилген чекти сактабоо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн азайтып, аймактарда электр энергиясын колдонууга чектөөлөрдү киргизүүгө алып келет. Чектөөлөрдү киргизүүгө жол бербөө, өлкөнүн экономикалык тармактарын жана калкынын керектөөлөрүн канааттандыруу, энергетика тармагынын ишин алдыдагы жылытуу мезгилинде гана эмес, кийин дагы сактап калуу үчүн электр энергиясын керектөө боюнча белгиленген чекти катуу сактоо талап кылынат.

 27. Жаңы үйгө электр энергиясын кошуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

Физикалык жактар техникалык шарттарды алуу үчүн кийинки документтер менен бөлүштүрүүчү энергокомпанияга кайрылуусу керек:

-паспорт;

-сатып алуу жана сатуу келишими, мүлктү белек кылуу келишими,  мураскерлик укугу тууралуу документтер;

-техникалык паспорт;

-жер тилкесинини мамлекеттик актысы.

28. Электр энергиясы үчүн төлөмдөр канча убакытта төлөнүшү керек?

Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин (КР Өкмөтүнүн 22.08.2012-ж. 576 токтому менен бекитилген) 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык (тараптардын милдеттенмелери) керектөөчү колдонгон электр энергиясы үчүн Жеткирүүчү тарабынан көрсөтүлгөн эсепке (төлөм документине) ылайык, белгиленген (төлөм документинде) мөөнөттөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.

29. Бөлүштүрүүчү компанияларга калктын карызы канча?

2022-жылдын 1-январына карата калктын бөлүштүрүүчү электрокомпанияларга дебитордук карызы 581,3 млн сомду түздү, анын ичинен: «Түндүк электр» ААКына - 353,7 млн ​​сом, «Чыгыш электр» ААКына - 86,0 млн сом, «Ошэлектр» ААКына - 97,3 млн сом. сом, «Жалалабатэлектр» ААКына - 44,3 млн.

30. Социалдык жактан муктаж болгон жарандарга кандай жеңилдиктер каралган?

Айына 700 кВт чейин пайдаланганда калк үчүн 1 кВт электр энергиясынын баасы 77 тыйынды түзүшү социалдык багыттагы жана энергетика тармагы үчүн кирешесиз тариф. Анткени ар бир катардагы керектөөчүгө жеткирилген электр энергиясынын баасы 77 тыйындан жогору. Буга карабастан, тамак-ашка, күйүүчү жана майлоочу майларга болгон баанын өсүшүнөн жаралган калктын оор социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандарга (үй бүлөлөргө) даректүү жардам берүү максатында 2021-жылдын 26-ноябрындагы Коопсуздук Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров тарабынан аталган жарандарга электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

КР Президентинин “Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы толөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандарга (үй бүлөлөргө) электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин пайдаланса,  1 кВт/саат 50,0 тыйындан эсептелет.  

Поделиться материалом