Акционерлер үчүн эстеткич
Поделиться материалом

АКЦИОНЕРЛЕР ҮЧҮН ЭСТЕТКИЧ

 

Өз дивиденддериңизди кантипжана кайдан алсаңыз болот?

Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт.

Дивиденддер чегерилген учурда, Сиз аларды өзүңүз акционер болуп эсептелген Коомдон алышыңыз мүмкүн.  Аларды алууда төмөнкү документтерди көрсөтүүңүз керек болот:

-     паспорт;

-     эгер ишенимдүү адам аркылуу болсо, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ага жазылган ишеним кат.

Эгерде, Сиз жашаган жерден Коом узак жерде жайгашкандыктан өз дивиденддериңизди

ала албай жаткан болсоңуз, Сиздин төмөндөгүдөй укуктарыңыз бар:

-    Сиз акционер болуп эсептелген Коомдун Башкы директоруна, дивиденддерди Сиздин банктык эсебиңизге же банктык карточкаңызга которуу өтүнүчү менен, жеке өзүңүз арыз жазуу;

-    Арызда Сиздин энчилүү эсебиңиздин номерин же банктык картаңыздын номерин көрсөтүү керек (көчүрмөсүн тиркеп койгон жакшы);

-    Паспорттун көчүрмөсүн тиркөө.


Сизге ыңгайлуу болуусу үчүн, Улуттук энергохолдингдин сайтында атайын баракча түзүлгөн, ал жерден Сиз өз дивиденддериңиздин суммасын биле аласыз.

Улуттук энергохолдингдин сайты: www.energo.gov.kg


Кошумча суроолор пайда болгон учурда Коомдордун

корпоративдик катчыларына кайрыла аласыздар:

“Электр станциялары”, “Кыргызстандын УЭТ” ААК, “Түндүкэлектр” ААК, “Чыгышэлектр” ААК,  “Жалалабатаэлектр” ААК, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК

(0312) 98-88-22

Кошумча номер: 4445

“Ошэлектр” ААК

(03222) 8-25-93

 

 

 

                                                                                                 

 Улуттук энергохолдингдин туунду коомдорунун дивиденддеринин суммасы:

 

2010

2011

2012

2013

2014

2015

2016

2017

2018

“Электр станциялары” ААК

15 000 000

621 273 000

0

0

0

0

0

0

0

“Кыргызстандын УЭТ” ААК

12 688 500

113 972 200

65 359 500

55 527 000

21 428 500

0

0

0

0

“Түндүкэлектр” ААК

33 634 130

24 842 317

20 950 000

0

12 787 948

0

0

0

0

“Ошэлектр” ААК

0

11 287 240

21 858 187,5

747 127,5

0

0

0

0

0

“Чыгышэлектр” ААК

0

8 702 000

1 660 900

336 200

0

0

0

0

27 025 000

“Жалалабатэлектр” ААК

0

17 518 212

4 421 247,6

462 175

610 190

0

0

0

13 597 307

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК

21 925 000

35 657 300

31 347 900

8 022 900

19 739 400

9 784 800

17 617 000

29 264 000

3 728 300

 

Эскертүү: 1 (бир) жөнөкөй акцияга эсептөө ар жылы ар түрдүү.  Сиздин дивиденддериңиздин так эсебин алуу үчүн Улуттук энергохолдингдин www.energo.gov.kg сайтындагы (“Акционерлерге” деп аталган бөлүмүндө)  атайын дивиденддерди эсептөө калькуляторун колдонсоңуздар болот.


Урматтуу акционер,

Улуттук энергохолдинг Сиздин ой-пикириңизди угууга жана Сиздин маселеңизди чечүүдө көмөктөшүүгө дайым даярдыгын билдирет.

 

Поделиться материалом