Тендерге чакыруу
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу»
Дата: 26/05/2023.
Кредиттин/гранттын номери жана аталышы ГРАНТ-0494 KGZ
«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоордун алкагында
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 10.07.2023
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялардын башкаруу системасын модернизациялоо, ошондой эле бизнес-процесстердин логикасын өзгөртүү жана энергетика секторун тобокелдикке негизделген башкарууга өткөрүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) каржылоо алынды. Негизги максат - санариптик технологияларды жана автоматташтырылган чоң маалыматтарды талдоону киргизүү.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза.» долбоорунун алкагында «Бизнес-процесстерди баалоо жана энергетикалык компаниялардын башкаруусун модернизациялоо» компонентин демилгелеген.
Ошондой эле, бул милдетти аткаруу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалында – Чүй электр тармактар ишканасы жогоруда аталган системаны киргизүү боюнча пилоттук долбоор тандалып алынган жана бул тажрыйбанын негизинде Улуттук Энергохолдингтин бардык тармактарында системаны ишке киргизүү.
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги («Иш берүүчү») «Бизнес-процесстерди баалоо жана энергетикалык компаниялардын башкаруусун модернизациялоо» компонентин ишке ашыруу боюнча тендердин катышуучуларынын жабык сунуштарын берүүнү суранат.
3. Ачык конкурстук тендер АӨБ жол-жобосуна ылайык өткөрүлөт жана Тендердик документацияда баяндалгандай бардык катышуучулар үчүн ачык.
4. Кошумча маалымат алуу жана тендердик документация менен таанышуу үчүн катышуучулар төмөнкү даректерге кайрылышы керек:
Кимге: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК
Дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр.326
Кабат/офис номери: 5-кабат 512-кабинет
Индекс: 720040
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Тел: "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ААК +996 312 67 02 37
Тел: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги +996 312 670133, +996 312 670501
Электрондук почта: minergo@terralink-global.com
5. Тендердик документтерди англис тилинде сатып алуу үчүн жарамдуу катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
• Компаниянын атынан тендердик документтерди талап кылуу үчүн жогорудагы дарекке жазыңыз.
• 2023-жылдын 29-июнуна чейин $100 өлчөмүндөгү кайтарымсыз төлөмдү төлөңүз.
Тендердик документацияны берүү өтүнүчү менен minenergo@terralink-global.com дарегине төмөндөгү банктык реквизиттерди колдонуу менен кайтарымсыз төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастаңыз.
Кайтарылбай турган төлөм үчүн банктын реквизиттери:
Бакай Банк
Эсептин счету: USD 1240020000821573
Ортомчу банк: The Bank of New York Mellon, New York, USA, SWIFT: IRVTUS3N
Корреспондент банк: Kookmin Bank, Сеул, Корея, SWIFT: CZNBKRSE
Бенефициар банк: OJSC BAKAI BANK, Bishkek, Kyrgyz Republic,
SWIFT: BAKAKG22 Account number of BAKAI BANK in Kookmin
Bank: 8B28USD014
Бенефициар: USD 1240020000821573 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК
Төлөөнүн максаты: "«Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу”. Тендердик документация үчүн кайтарымсыз төлөм
• Документ электрондук түрдө жөнөтүлөт.
6. Сунушуңузду мөөр басылган түрдө жеткириңиз жана пакетте “10.07.2023 Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин ачпаңыз” деген сөздөр менен жазылсын, документ кайсы компаниядан берилгенин көрсөтүңүз.
• Дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр.326
Кабат/офис номери: 5-кабат 512-кабинет (Жалпы бөлүм)
Индекс: 720040
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Тел: "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ААК +996 312 67 02 37
Тел: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги +996 312 670133, +996 312 670501
• документтерди тапшыруу акыркы мөөнөтү - 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча), 10.07.2023.
Тендердик сунуштар саат 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча), 10.07.2023 ачылат. Ачылышка катышууга каалаган катышуучулардын өкүлдөрү катышалат.