Энергетиктер күз-кыш мезгилинин алкагындагы иш-чараларды жыйынтыкташты
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 марта 2023

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшашты.

Бирок үстүбүздөгү жылдын январь айында аба ырайынын кескин төмөндөшүнө жана керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу убактылуу чектөө чаралары киргизилген. Бул чаралар жабдуулардын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында көрүлгөн.

Ошол эле учурда электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, авариялык кырдаалдарды жоюу максатында республика боюнча энергетика объектилеринде күнү-түнү нөөмөт уюштурулду.

Улуттук энергохолдинг энергетиктерге энергетикалык коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы, өз милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, жогорку кесипкөйлүгү жана тармакта башталган реформаларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында бардык энергетика объектилеринде жабдуулар капиталдык оңдоолордон өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө энергетика компаниялары келе жаткан 2023-2024-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдыктарды баштады.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.