Кыргызстанда дагы бир ирээт электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталды
Поделиться материалом
Опубликовано: 13 января 2023

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.
Акыркы эки күндөн бери кечки сааттарда энергосистема болгон кубаттуулукта ишин алып барууда. Бул көрүнүш жылытуу мезгилинде өтө кооптуу деп эсептелет.
Керектөөнүн өсүшүнүн уланышы негизги жабдуулардын ашыкча жүктөлүшүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен бирге Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышынын дагы эң жогорку көрсөткүчү белгиленди.
Күн сайын суунун деңгээли 60 миллион куб метрге төмөндөөдө. Учурдагы 10,6 млрд куб метр деңгээлде суу ресурстарынын бардык көлөмү азайып, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Улуттук энергохолдинг абоненттерди кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылытуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирээт өтүнөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.