Урматтуу кыргызстандыктар!
Опубликовано:
30 декабря 2022
Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!
Майрамдын алдында өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгаруу салтка айланган. Мен бардык мекендештериме, анын ичинде жанын аябаган эмгеги үчүн кесиптештериме, кызматташууга даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон өнөктөштөргө ыраазычылык билдиргим келет.
Жаш энергетиктерди, кесипкөй адистерди тарбиялоого өздөрүнүн ак ниеттүү салымы үчүн Энергетика тармагындагы ардагерлерге ыраазычылык айтам.
Ошондой эле биздин абоненттерди электр энергиясын керектөөдө, үнөмдөөгө салым кошууга чакырат элем. Өз кезегинде энергетиктер мындан ары да керектөөчүлөрдү , үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшашат.
Быйылкы жыл энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы пландарын иштеп чыгуу мезгили болуп калды. 2022-жылы көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашырылып, алдыда дагы ишке аша турган бир топ пландар турат.
Ошондой эле, энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар биринчи кезекте карапайым кыргызстандыктардын ыңгайлуулугун камсыздоого жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү менен катар энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү энергетика системасын реформалоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Көп жылдык тажрыйбага таянып, энергетиктердин эмгеги дайыма суроо-талапка ээ болгон жана боло берет деп ишенимдүү айта алам. Заманбап дүйнөдө экономиканын стабилдүү өнүгүшүн, өнөр жай потенциалынын өсүшүн, жарандардын бакубаттуулугун жана жайлуулугун энергетика тармагындагы кызматкерлердин эффективдүү эмгегисиз элестетүү кыйын. Ошондуктан энергетиканы негизги тармактардын бири деп атоого болот.
Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер! Жаңы жыл сиздерге жакшылыктарды, тилектериңиздердин аткарылышын, жаркын келечекке ак ниет ишенимди алып келсин. Келе жаткан жыл жаңы пландар жана идеялар менен коштолсун.