Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук энергохолдингдин кайрылуусу
Поделиться материалом
Опубликовано: 10 января 2023

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Жыл сайын энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана модернизациялоо, көмөк чордондорду куруу, жабдууларды оңдоо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук борборлоруна отун сатып алуу жүргүзүлөт.
Республика боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөк чордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат.
Өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу оперативдүү персоналдын нөөмөтү күчөтүлгөн тартипте ишин алып барууда. Зарыл болгон авариялык материалдардын запасы даярдалып, Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Бул чаралардын баары электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоого багытталган.
Ошол эле учурда энергетика ишканалары кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылтуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылчылыгы тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.