Улуттук энергохолдинг калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында керектөөнүн белгиленген жана уруксат берилген режимдерин сактоого багытталган тийиштүү иш чаралар планын аткарды.
Бирок, абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясынын авариялык өчүп калуу коркунучу күчөөдө. Ошондуктан Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү эртең менен жана кечинде электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана 5 кВт-с кубаттуулук чегинен ашырбоого өтүнөт.