Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 ноября 2022

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.
Күз-кыш мезгилинин келишине байланыштуу, ошондой эле КР Энергетика министрлигинин жана Улуттук энергохолдингдин сунуштарынын негизинде 31-октябрда энергокомпаниянын пландык оңдоо иштери аяктады.
Негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту өз убагында аткарылды (Күрпсай ГЭСинде 2 агрегат, бирден Таш-Көмүр ГЭСинде, Шамалдысай ГЭСинде жана Үчкоргон ГЭСинде.)
Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Электр тармактары боюнча 479,4 км электр берүү аба чубалгылары 110-500 кВ капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. 0,4-35 кВ чыңалуудагы электр тармактарында 164 подстанцияда 35/6-10 кВ, 2937 КТП 6-10/0,4 кВ, 4517 километр электр берүү линиялары 6-10-0,4 кВ, 452,8 километр 35 кВ аба линияларында капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, республиканын региондорунда 128 кошумча КТП орнотулган, 166 ашыкча жүктөлгөн трансформаторду чоң кубаттуулукка алмаштыруу жүргүзүлгөн, 346 км электр берүү чубалгылары 10-0, 4 кВ чыңалууда курулган жана реконструкцияланган, анын ичинде 0,4 кВ аба электр берүү линиялары СИП-2 зымына 89 км алмаштыруу менен реконструкцияланган.
Мындай иш-чараларды өз убагында өткөрүү ашыкча жүктөөлөрдөн жана авариялардан сактануу үчүн күз-кыш мезгилине сапаттуу жана ишенимдүү даярдыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.