Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.
Шакиржан Саидов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшаарын белгиледи.