Улуттук энергохолдинг тарабынан күз-кыш мезгилге даярдык көрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө
Поделиться материалом
Опубликовано: 04 октября 2022

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен КР экономика тармактарын жана калкын алдыдагы күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев тармактарды өнүктүрүү, жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо, көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатуу, электр энергетикалык объектилердин капиталдык курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери, ошондой эле энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор.

Ошондой эле, баяндаманын жүрүшүндө холдинг жетекчиси энергетикалык компаниялардын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгына кеңири токтолду.

 Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарындагы калктуу конуштарды электр менен камсыздоо иштери аяктады. Электр менен камсыздоону калыбына келтирүүгө жумшалган каражаттардын жалпы суммасы 15 миллион сомдон ашык түздү.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.