Талайбек Байгазиев кайрадан Улуттук энергохолдингди жетектеди
Поделиться материалом
Опубликовано: 04 октября 2022

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.

Таалайбек Ибраев өз сөзүндө Улуттук энергохолдингдин жана тармактын акционердик коомдорунун жетекчилигине өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле башталган реформаларды аяктоо боюнча маанилүү милдеттер коюлганын белгиледи.

Эске салсак, Талайбек Байгазиев буга чейин “Электр станциялары” ААКнын башкы директору кызматын аркалап, ага чейин Улуттук энергохолдингди жетектеп келген.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.