Энергетика кызматкерлери кыргыз-тажик чегиндеги кандуу кагылыштан жабыр тарткан калктуу конуштардын электр жабдууларын калыбына келтирүү иштери менен алектенүүнү улантып жатышат.
Баткен жана Лейлек РЭТ бригадалары электр энергиясын берүү, калыбына келтирүү иштерин жасоодо.
23-сентябрга карата Баткен РЭТ бригадасы тарабынан Баткен районуна караштуу Достук айылындагы калыбына келтирүү иштери аягына чыгарылды. Анда 10 кВ күч берүүчү трансформатору алмаштырылып, Достук көмөкчү станциясындагы зыян келтирилүүдөн улам өчүп калган 2 фидер ишке киргизилди. Андан сырткары, "Достук" 35/10/6 кВ көмөкчү станциясында 6300 кВА трансформатору алмаштырылып, ишке киргизилди. 2022-жылдын 23-сентябрына карата иштен чыккан бардык 10 кВ фридерлер оңдолду. Лейлек РЭТинин бригадасы Максат айылындагы зыянга учураган электр жабдууларын калыбына келтирүү менен алектенип жатат.
Бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө бригадалары тарабынан Капчагай, Масеиттин жана Көктерек айылдарындагы 10 кВ тармагы боюнча электр берүү кубаттуулуктары калыбына келтирилди. Турак-жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин РЭТ бригадалары 0,4 кВ тармагы боюнча оңдоп-түзөө иштерин башташат. 2022-жылдын 20-сентябрынан баштап кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген жерлерге калыбына келтирүү иштери үчүн 6 топ (Баткен РЭТине 4, Лейлек РЭТине 2) ишке чыккан. Ал жерден багыттуу түрдө Баткен РЭТине 6-7 бригада, Лейлек РЭТине 4 бригада болуп бөлүнүп кетишкен.
Ошондой эле 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап энергетика кызматкерлери келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамында иштей башташкан.
Бригадалар электр энергиясын тез арада берип баштоо үчүн керек болгон бардык техника жана материалдар менен камсыздалганын белгилей кетүү керек.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр берүү тармагы штаттык режимде иштеп жатат.
Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан жаңжалдын башталышынан тарта 6-10 кВ кубаттуулуктагы 20 чубалгы, андан сырткары 35 кВ кубаттуулуктагы бир чубалгы өчүрүлгөн. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.