Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 19 сентября 2022

19-сентябрга карата Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы согуштук аракеттердин натыйжасында 6-10 кВ аныкталган 19 жогорку чыңалуудагы 6-10 кВ аба чубалгыларынын 8и чыңалуусуз калган. Ошондой эле, 4320 жакын үй электр энергиясыз калууда.

Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошентип, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын ыкчам топтору бүгүнкү күндө 6-10 кВ 11 аба чубалгысын туташтырды.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында согуштук аракеттер башталгандан бери 6-10 кВ чыңалуудагы 19 линия, ошондой эле 35 кВ чыңалуудагы бир линия, Баткен жана Лейлек райондорунун 39 калкт уу конушу өчүрүлгөн. Баткен облусу электр энергиясыз калды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Энергетика кызматкерлери кыргыз-тажик чегиндеги кандуу кагылыштан жабыр тарткан калктуу конуштардын электр жабдууларын калыбына келтирүү иштери менен алектенүүнү улантып жатышат.

Баткен жана Лейлек РЭТ бригадалары электр энергиясын берүү, калыбына келтирүү иштерин жасоодо.

Сиздерди 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз.

 
Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.