Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй электр энергиясыз калууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 сентября 2022
Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.
8079 үй электр энергиясыз калууда.
Жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында коогалаң башталгандан бери 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш.
Кечээ кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВ аба чубалгыларында 3 авариялык өчүрүү аныкталган.
Бүгүнкү күндө 7 даана 10 кВ аба чубалгылары «Кыргызстан УЭТ» акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду.
Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу.
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.