Энергетика компанияларын бириктирүү иштери аякталды Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды.
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 августа 2022

Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат. Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү. “КУЭТ” мекемеси облустарда төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу иш жүргүзөт:

Чүй электр тармактар ишканасы;

Ош электр тармактар ишканасы;

Талас электр тармактар ишканасы;

Жалалабат электр тармактар ишканасы;

 Ыссык-Көл электр тармактар ишканасы;

Нарын электр тармактар ишканасы;

Баткен электр тармактар ишканасы. Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди. "Бишкекжылуулуктармактары" акционердик коому "Электр станциялары" ААКы менен бириктирилди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.