Улуттук энергохолдинг кадрларды ротациялоо иштерин жүргүздү
Поделиться материалом
Опубликовано: 05 августа 2022

Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энерго компанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат.

Жетекчилик кызматка дайындоодо башчылардын иш тажрыйбасы, квалификациясы, ошондой эле алдыга койгон ишти аткаруу көрсөткүчү эске алынды.

Кадрларды ротациялоо компаниялардын аймактардагы филиалдарын өнүктүрүүдө оң натыйжасын берет деген төмөндөгүдөй ишеним бар: божомолдонгон коррупциялык иштердин алдын алууга, кадр саясатын жакшыртууга, жеке кызыкчылыктардын, тааныш-билиш аркылуу кызматка көтөрүлүүнүн тамырын кыркып, кызмат орундарындагы эски, көнүмүш ыкмаларды өзгөртүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, энергетика тармагында кадрдык ротация уланып, бардык энергетикалык компанияларда жүргүзүлөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.