Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев "Чыгышэлектро" ААКын реабилитациялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 01 июня 2022

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон иш сапарында «Чыгышэлектро» ААКын реабилитациялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышты.

Жетектөөчү компаниянын башчысы азыркы учурда АСКУЭ эсептегичтерин, СИП линияларын орнотуу жана электр берүү чубалгыларынын эски мамыларын алмаштыруу иштери жүрүп жаткан райондорду кыдырды.

Анда Талайбек Байгазиев оңдоп-түзөө иштерин абоненттерди узак убакытка электр энергиясыз калтырбай, сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

"Чыгышэлектро" ААКын реабилитациялоо долбоорунун алкагында 48 миң даана АСКУЭ эсептегич приборун орнотуу, 0,4 кВ аба чубалгыларын жалпы узундугу 375 километрге созулган өзү изоляцияланган зымдарга алмаштыруу планы бар экендигин баса белгилей кетүү керек.

Ал эми долбоор болсо техникалык жана коммерциялык коромжуларды азайтууга жана электр энергиясы менен камсыздоо ишин арттырууга багытталган.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.