Энергетикалык компаниялар энергетика тармагын реформалоо боюнча Жол картасынын ишке ашырылышы тууралуу маалымат беришти
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 мая 2022
Улуттук энергохолдингдин Төрагасы Талайбек Байгазиевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында энергетика компанияларынын тармакты реформалоо боюнча Жол картасынын ишке ашырылышы каралды.
Жолугушуунун алкагында компаниялар актуалдуу делген маселелерди талкуулап, чыгашаларды оптимизациялоого жана энергетикалык ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды ишке ашыруу боюнча алдындагы биргелешкен пландарды аныкташты.
"Пландар коюлуп, аларды ишке ашыруунун мөөнөтү такталды, эми болсо алдыга карай умтулуп, биргелешкен аракеттер менен жаңы энергетиканы түзүшүбүз керек" - деп белгиледи анда холдингдин төрагасы.
Эскерте кетсек, энергетика тармагынын башкаруу түзүмүнүн реорганизациясы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тектеш келүүчү чечиминин алкагында ишке ашырылууда.
Андан сырткары, оптимизацияланган чыгашалар жаңы генерация кубаттуулуктарын куруу долбооруна, энергетика
жабдууларын оңдоп-түзөөгө жана модернизациялоого, Кыргыз Республикасындагы энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталмакчы.
Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.