Дүйнөлүк банк (ЭАА) тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуулук долбоорун ишке ашырылууда
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 апреля 2022

Азыркы учурда Дүйнөлүк банк (ЭАА) тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуулук долбоорун ишке ашырууга даярдык жүрүп жатат.

Бул долбоордун максаты электр энергетика секторунун финансылык көрсөткүчтөрүн, операциялык ишенимдүүлүгүн жана социалдык туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат. Сунушталган долбоор энергетикалык сектордун операциялык эффективдүүлүгүн көп кырдуу түрдө жогорулатууга багытталган – жоготууларды азайтуу; эсептин, башкаруунун алдыңкы инфраструктурасынан тутумду модернизациялоо жана санариптештирүү; ошондой эле коммерциялык маалыматтык тутуму. Долбоор Кыргыз Республикасыннын бардык аймагын камтыйт.

Долбоордун сунушталган компоненттери.

Компонент 1. Бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана модернизациялоо. Бул компонент тутумдагы жоготууларды кыскартууга жана бөлүштүрүүчү тутумдардын айрым бөлүктөрүндө электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, анда суроо-талаптын тынымсыз өсүшүн эске алуу менен бөлүштүрүүчү тыгындар (эскирген жана/же ашыкча жүктөлгөн) орун алган.

Компонент 2. Бөлүштүрүү тутумун санариптештирүү. Бул компонент санариптик чечимдерди колдонууга жана коммерциялык жоготууларды кыскартууга багытталат.

Компонент 3. Социалдык коргоо системаларын чыңдоо. Бул компоненттин максаты социалдык коргоо системасын чыңдоого колдоо көрсөтүү болуп саналат. Социалдык коргоо компонентинин алкагында негизги иш-чараларга консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, окутуулар, ИТ менен байланышкан программалык жана техникалык камсыздоо, эксплуатациялык чыгымдар кирет. Атап айтканда, сервердик жабдууларды чыңдоо үчүн, андан ары масштабдоону эске алуу менен, активдүү сервердин жана тармактык жабдуулардын каталарга чыдамдуу, коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын сервердик бөлмөсү үчүн социалдык жардам (“Электрондук айыл өкмөтү” АЖ жана КИССП) жана техникалык жабдыктарды алган бирдиктүү тиричилик маалыматтар базасын түзүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Компонент 4. Инстуционалдык өнүктүрүү жана долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү. Бул компонент энергетика секторунун артыкчылыктуу реформаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, энергетика секторун башкарууну чыңдоого, энергетикалык кызыктар тараптардын өкүлдөрүнүн зарыл инстуционалдык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле долбоордун бенефициарлары үчүн долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү кеңейтүүгө көмөктөшөт. Бул компонент алкагында конкреттүү иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде тармактык пландаштыруу бөлүмүн түзүү жана долбоордун бенефициарлары; бөлүштүрүүчү компаниялардын бизнес-процесстерин модернизациялоо; тармактарды долборлоо, жабдууларды туура орнотуу, энергетика тутумундагы жоготууларды азайтуу жана негизгифинансылык башкаруу боюнча окутуу; тарифтик реформалар менен коштолгон байланыш кампанияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; ошондой эле гендердик иш-аракеттер планын жана кардарлардын канааттануусун изилдөө, келчектеги артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, аткаруучу агентикке долбоорду ишке ашырууну колдоо.

2022-жылдын 12-апрелинде коомдук угуулар өткөрүлүп, анда "Экологиялык жана социалдык чараларды башкаруунун негиздери", "Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы", "Көчүрүү боюнча Алкактык саясат", "Эмгек мамилелерин жөнгө салуу жол-жоболору" документтеринин долбоорлору каралып, катышуучулардын комментарийлерин жана каалоолорун эске алуу менен “Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы” жана “Социалдык-экологиялык милдеттенмелер планынын” долбоору толукталып иштелип чыкты.

 

Ишке ашыруу долбоорлордун планы менен шилтелеме аркылуу таанышса болот. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.