Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинде ишембилик уюштуруп, мекеменин айланасындагы түшкөн жалбырактарды жана таштандыларды тазалашты.
Учурда ден соолукту чыңдоо комплексинде ремонт иштери кызуу жүрүп, жаңыртылган имараттардын ачылышы июнь айына пландалууда.
Энергетика кызматкерлери республикабыздын ар бир аймагында көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо демилгесине жигердүү катышууда.
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу максатында Энергетика министрлиги, Улуттук энергохолдинг жана анын туунду коомдору бир катар жашылдандыруу жана тазалоо иштерин жасап, көчөттөрдү отургузушту.
Мындан тышкары айрым энергетикалык компаниялар экология темасына арналган ачык сабактарды, сүрөт тартуу конкурстарын өткөрүүнү, айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча маалыматтык өнөктүктү демилгелеп жатат.