Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгын Төрагасы Талайбек Байгазиев: “Энергетика адистеринин квалификациясын жогорулатууга баардык шарттар түзүлөт”
Поделиться материалом
Опубликовано: 11 апреля 2022

 

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Доскул Бекмурзаевдиндемилгеси менен Баткен шаарында энергетиктердин тажрыйба алмашуу жана  энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу эки күндүк семинары башталды.

Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгын Төрагасы Талайбек Байгазиев иш-чаранын ачылыш аземинде бүгүнкү семинар адистердин иш тажрыйбасын жогорулатып, ынтымакты бекемдеп, алдыга коюлган тапшырмаларда аткарууга жакшы бир өбөлгө түзөт деп терең ишенээрин билдирди.

“Кесиптик атаандаштык, мелдештер, алдыңкы багыттагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүү  - учур талабы. Техникалык адистердин арасындагы мыкты деп аныкталган кызматкерлер үлгү болушу зарыл. Алардын квалификациясынын мындан ары да өсүшүнө шарт түзүлүүдө, - деп белгиледи.  

Аталган иш-чарада “Түндүкэлектро” ААКнын командасы, 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына СИП маркадагы зымдарын монтаждоо ыкмаларын көрсөтөт.

Күндүн экинчи жарымында,  “Жалалабатэлектро” ААКнын кызматкерлери “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоо жөнүндөгү” көрсөтмө иш чарасын көрсөтүшөт.

Ал эми, “Чыгышэлектр” ААКнын кызматкерлери, 10кВ аба чубалгысындпагы мамычадан электр тогунунун таасиринен жабырлануучуну бошотуу жана медициналык жардамга чейинки алгачкы жардамды көрсөтүшөт.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.