Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы түзүмдөштүрүү реформаларын жүргүзүүнүн алкагында 2022-жылдын 23-26-мартында чейин “Түндүк электр” ААКда, “Кыргызстандын УЭТ” ААКда, “Чыгыш электр” ААКда, “Ошэлектр” ААКда, “Жалалабадэлектро” ААКда, “Электр станциялары” ААКда жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКда акционерлердин кезексиз жыйыны өттү.
Жыйындын жыйынтыгы менен аталган энергетикалык компанияларды кайра түзүмдөштүрүү чечими кабыл алынып, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар “Кыргызстандын УЭТ” ААКна кошулат, ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” ААК “Электр станциялары” ААКна кошулат.
Реформалар жасалган соң энергетикалык компаниялардын чыгымдары, административдик чыгымдар кыскартылып, сатып алууларды бириктирүүдөн экономикалык натыйжа алынып, бизнес-процесстерди автоматташтырылып, электр энергиянын сатуу жолдору жана айкындуулугу жакшыртылып, электр чарбасын реконструкциялоо менен электр тармактарындагы жоготууларды азайтылып оптималдаштырылышы мүмкүн.
Мындан тышкары оптималдаштырылган каражат жаңы иштеп чыгуучу кыбаттуулуктарды киргизүү, энергия жабдууларын реконструкциялоо жана жаңылоо, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө долбоорлорун жүзөгө ашырууга жумшалмакчы.