Кыргызстандын энергетиктери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө катышат
Поделиться материалом
Опубликовано: 29 марта 2022

“2022-жылды тоолордун экотутумун коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруунун алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу максатында Энергетика министрлики, Улуттук энергохолдинг жана анын туунду коомдору аймактарды бир катар жашылдандыруу жана тазалоо иштерин жасоону пландап жатат. Мындай тазалоо иштери мамлекеттин бардык облустарында аткарылмакчы.

Энергетикалык компаниялар ишембиликтин алкагында аларга бөлүнүп берилген аймактарга көчөттөрдү отургузат жана аймактарды жашылдандырат. Мындан тышкары айрым энергетикалык компаниялар экология темасына арналган ачык сабактарды, сүрөт тартуу конкурстарын өткөрүүнү, айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча маалыматтык өнөктүктү демилгелеп жатат.

Белгилей кетсек, ишембиликтерди өткөрүү энергетикалык компаниялардын салтына айланган, жыл сайын Улуттук энергохолдингдин жана анын туунду коомдорунун эмгек жамааты аймактарды жакшыртуу, жашылдандыруу жана тазалоо, бак-дарактарды актоо иштерин жасашат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.