Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыкын төрагасынын орун басары тааныштырылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 26 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Башкармалыктын төрагасы Байзак Азизбековичти Улуттук энергохолдингдин жамаатына тааныштырды.

Тилек Айталиев белгилегендей, учурда башкаруучу компанияга энергетика тармагын реформалоо боюнча олуттуу тапшырмалар коюлган.
Ал башкармалыктын түзүмүн оптималдаштыруудан, мамлекеттик энергетикалык компанияларды бекемдөөдөн тышкары Улуттук энергохолдинг чыгымдарды азайтуу жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн финансылык жактан башкарууну жакшыртуу боюнча максаттар коюлганын айтты.
Байзак Азизбекович көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, министрликке энергетика тармагын реформалоо милдетин сапаттуу аткаруу максатында Улуттук энергохолдингдин жана анын алдында иштеген туунду коомдордун финансылык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу ишин улантарын билдирди.
Эске салсак, Байзак Азизбекович буга чейин Улуттук энергохолдингдин экономикалык жана укуктук маселелер департаментинин директору болуп иштеген.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.