Улуттук энергохолдинг калкты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 февраля 2022


22-февралдагы абал боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8.4 млрд куб метр белгисинен ылдый түшүп кеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 млрд. аз.
Суунун топтолушу сарпталышына салыштырмалуу суткасына орто эсеп менен үч эсеге аз. Ошондуктан энергетикалык компаниялар суу ресурстарын сактап калууга жана кийинки күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө бардык чараларды көрүп жатат.
Муну менен бирге 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 20-февралына чейинки убакыт ичинде бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын 9751 млн кВтс же 9,9% ашыкча керектеген. 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу керектөө 0,6% же 62,1 млн кВтс азайтылышы мүмкүн.
Электр энергиясы мындан ары да ашыкча сарптала берсе, Токтогул суу сактагычында суу таптакыр азайып, керектөөчүлөргө жарык берилбей калышы мүмкүн.
Ошондуктан Улуттук энергохолдинг дагы бир жолу калкты энергетикадагы азыркы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алуусуна жана электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Белгилей кетсек, суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 1-октябрына карата 12,3 млрд кубометрди түзөт.
Жалпылап айтканда, күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республикага 6-8 млрд кубометр суу керек.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.