Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Түндүк электр” ААКнын базасында турган Түндүк РЭТтин рмий ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка Кыргыз Республикасынын энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Бишкек шаарынын мэриясы Айбек Жунушалиев, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев, энергетикалык компаниялардын генералдык директорлору жана энергетиканын ардагерлери да катышты.
Түндүк РЭТ Абдрахманов– Элебесов – Жибек Жолу пр. – Профсоюзная көч. – Түндүк айланма жолу көчөлөрү менен чектешкен шаар районун, ошондой эле Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Дордой, Энесай конушун тейлемекчи.
Белгилей кетсек, жаңы ачылган Түндүк РЭТ жогоруда аталган конуштарда отурукташкан керектөөчлөргө, андан сырткары ушул райондордо жайгашкан өнөр жай жана коммерциялык объекттерге үзгүлтүксүз жарык берүүнү тездетет.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 24-августунда Түндүк РЭТ куруунун пайдубалы түптөлүп, салтанаттуу азем уюштурулган.