Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев энергетика министрине энергетикалык компаниялардын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктарын жана көрсөткүчтөрүн айтып берди.
Тактап айтканда, Бишкек ш. ЖЭБине көмүр планга коюлган графиктен кечиктирилип түшүрүлүүдө. Мындан улам көмүрдүн көлөмү бүгүнкү күндө өткөн жылга салыштырмалуу аз.
Холдингдин жетекчиси аймактардагы керектөөлөрдүн белгиленген ченемдерине баш ийүү керек экендигине токтолду. Жыл жыйынтыгында ченемден ашыкча сарпталган электр энергиясынын кубаттуугу 700 млн кВтс түздү. Холдингдин жетекчиси энергетикалык компаниялардын ишиндеги кемчиликтерге токтолуу менен бирге энергетиктер мурдагы жылы жалпы эле тармакты оң жагына көрсткөн бир катар иштерди аткаргандыгын белгилеп өттү.
Талайбек Байгазиев тармактарды өнүктүрүүгө, көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатууга оңдоо иштери жана энергетикалык объекттерди капиталдык куруу иштери жасалып жаткандыгы тууралуу да маалымат берди.
Отурумдун жүрүшүндө электр энергиясынын жоготуулары азайтылары жана ыкчам өчүрүүлөрдүн саны кыскарары айтылды.
Мындан сырткары холдингдин башчысы керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карызды кыскартуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө сөз кылып, 2022-жылга карата модернизациялоо жана куруу планын көрсөттү.
Жалпылап алганда, бул жылы 483 км ЭӨЧ (электр өткөрүү чубалгылары) реконструкциялоону, ЭЭКЭАТ (Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) эсептегичтердин 82 590 даанасын, 181 комплектүү трансформатордук көмөк чордонду орнотууну, 354 жүктөмү ашыкча трансформаторду алмаштырууну пландаганбыз.