Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Өзбекстанга иш сапары менен барганда электр энергиясын эсептөөчү шаймандарды өндүрүп чыгарган “Өзэлектроаппарат-Электрощит” компаниясынын жана “Регионалдык электр тармактары” АК (акционердик коом) ишмердүүлүгү менен таанышып келди.
Иш сапар учурунда Талайбек Байгазиев “Өзэлектроаппарат-Электрощит” АК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Жахонгир Обиджанов менен жолугушуп, шаар четинде жайгашкан Хива керектөөчүлөрүнө түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мындан сырткары аймакта жасалып жаткан реформалардан кабар алды жана Электр энергиясын эсептөөчү жана текшерүүчү автоматташтырылган тутумду киргизүү шарттарын билип келди.
Азыркы тапта Улуттук энергохолдинг электр энергиясын эсептөөчү шаймандарды жеткирүү жана Кыргызстандын территориясына ЭЭКЭАТ эсептегичтерин өндүрүүчү ишкана ачуу боюнча мурда сүйлөшүлгөн макулдашуулардын жыйынтыгында өзбек өнөктөшү менен мындан аркы кызматташуу планын аныктады.