Сапия Асанкулова эмгек жолун 60 жыл мурун Аламүдүн ГЭС каскадынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүндө инженер болуу менен баштап, энергетиканы өнүктүрүү үчүн өз өмүрүп арнап иштеген.
“Кыргызбашкыэнергия” энергия сатуу компаниясынын инженери-инспектору, абоненнтик кызматтын жетекчиси, сатуу бөлүмүнүн жекчиси, Энергияны көзөмөлдөө инспекциясынын жетекчиси болуп иштеген.
Сексенинчи жылдары Электр станциялары жана электротехникалык өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы болгон.
Бүгүнкү күндө эң ири гидроэлектрстанциясы болуп эсептелген Токтогул ГЭСин кабыл алууда ССРдин Министрлер кеңешинин мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.
Миңдеп саналган энергетиктердин атынан Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев жана Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Сапия Асанкулованы 85 жылдыгын куттуктап келди.
Көп жылдык үзүрлүү жана ак эмгеги, ошондой эле энергетикага кошкон салымы үчүн Сапия Асанкуловага “Каарман” төш белгиси (Кыргыз Республикасынын энергетикасынын жана өнөр жайынын мыктысы), энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин атынан ыраазычылык каты, ошондой эле эсте каларлык белектер тапшырылды.