Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы боюнча энергетикалык компаниялардын жетекчилери электр жабдууларын бузулбай иштөөсүн күчөтүү жана керектөөчүлөрдү чектебөө иштерин аткарууга тийиш.
Энергетика тармагы бир гана азыркы жылытуу мезгилинде эле эмес, кийинки кышта да үзгүлтүккө учурабай иштеши үчүн электр энергиясын керектөөгө карата бекитилген ченемдерге сөзсүз баш ийүү кажет. Ошондой эле чектөө иш-чараларын киргизүү менен керектөөнү азайтпоо иши да энергетикалык компанияларга тапшырылды.
Өлкө аймактарындагы өчүрүүлөр тууралуу мааалыматтарды Улуттук энергохолдингдин башкармалыгы дыкат текшерет. Ушул сыяктуу маалыматтар аныкталып калса, башкы дирекция мүчөлөрүнө кызмат орундардан бошотууга чейин чаралар көрүлөт.
Эскерте кетсек, абоненттерди өчүрүүгө алып келген оңдоо жана монтаждоо иштери токтотулду. Мындан улам ыктымалдуу делген ыкчам өчүрүүлөрдөн жана ашыкча жүктөмү бар жабдуулар менен трансформаторлордон тышкары керектөөчүлөрдүн жарыгы улам-улам өчүрүлө бербейт.
Электр энергиясынын эки сааттан ашык өчүрүлүшү тууралуу маалыматты Улуттук энергохолингдин расмий сайтынын виртуалдуу кабылдамасы жана компаниянын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жиберип коюшуңуздарды өтүнөбүз.