Улуттук энергохолдинг токко тартылып, жарадар болуу жана күйүп кетүү коркунучу бар ар кандай кырсыктардан оолак болуу максатында керектөөчүлөрдү электр жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат.
Келе жаткан майрам күндөрү ар бир үйдө гирляндаларды жана башка жарык берүүчү приборлорду күйгүзүү салтка айланып калган. Эгерде аларды күйгүзүп жатканда колдонуу эрежеси сакталбаса, зымдар тийишип, күйүп кетүү коркунучу бар.
Мындан тышкары кыш мезгилинде өрт чыккан, ис урган окуялар жана жылыткычтардан ток уруп, жаракат алгандар көп болот.
Ошондуктан баардыгыңыздарды электр коопсуздугуна тиешелүү эрежелерди сактоого жана аларды балдарыңыздарга үйрөтүүгө чакырабыз.
Муну менен бирге Улуттук энергохолдинг ыкчам өчүрүүлөргө барбоо жана энергетикалык ресурстардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууңуздарды суранат.