Улуттук энергохолдинг 2022-жылдагы жаңы жылдык майрам күндөрүнө даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда жарык менен ишенимдүү камсыздоо жана жооптуу кызматкерлердин ишин координациялоо максатында буйрук чыгарды. Ага ылайык туунду коомдор марамдык иш-чаралар өткөрүлө турган жерлерди жана калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыздап турууга тийиш.
Буйруктун негизинде ыкчам жана ыкчам оңдоо персоналдарынын кезмет графиги түзүлүп, уюштурулушу керек.
Эгерде берилген тапшырмалар талаптагыдай аткарылбаса, 2022-жылы жаңы жылдык майрамдарга даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда элекр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жоопкерчилиги туунду коомдордун генералдык директорлоруна жүктөлөт.