22-декабрь Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин кесиптик күнүнө арналган майрамдык иш-чара Энергетика министрлигинде болуп өттү. Аталган чогулушка энергетика тармагынын ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышып, айрымдары министрликтин сыйлыктары менен сыйланышты.
Улуттук энергохолдингдин электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү башкармалыгын жетекчиси Максат Жумабаев жана эксперти Гульнара Хасенова министр Доскул Бекмурзаевдин колунан энергетика министрлигинин Ардак грамотасын алышты.
Министр алардын ишине ийгиликтерди каалап, энергетика тармагынын өсүп өнүгүшүнө дагы баралдуу салым кошууга үндөдү.
Ошондой эле майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев министрликтин айрым кызматкерлерине ишкананын сыйлыктарын тапшырды.