Энергокомпаниялардын электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузган кызматкерлери иштен бошотулат
Поделиться материалом
Опубликовано: 10 декабря 2021

Улуттук энергохолдинг энергокомпаниялардын кызматкерлеринин арасында электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузган, энергия менен камсыздоочу уюмдун көрсөтмөлөрүн аткарбаган адамдар бар экенин өкүнүү менен белгилейт. Мындай көрүнүштөр тармакка көлөкө түшүрүп, энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ар бир адамдын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирүүдө.

Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы менен холдингге караштуу энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин электр эсептегичтеги көрсөткүчү текшерүүгө алынды. Анын натыйжасында ачык акционердик коомдордун айрым жетекчилери жана башкармалыктардын башчылары электр энергиясын керектөөнүн кубаттуулугу боюнча белгиленген чектен өтө ашык колдоноору аныкталды. Мындай кызматкерлерге ээлеген кызматынан бошотууга чейинки дисциплинардык чаралар көрүлөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!