Улуттук энергохолдинг Казакстан Республикасы менен электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимдин алкагында учурда, Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо иши жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.
Ал эми, 2021 -жылга пландалган Өзбекстан Республикасынан Кыргызстанга электр энергиясын берүү аяктады.
Мындан улам, эки өлкөнүн тараптары келишимдин алкагында, учурда 2022-жылга пландаштырылган электр энергиясынын көлөмүн узартуу маселелерин карап жатышат.
Өзбекстан Республикасынан электр энергиясын берүүнүн аякташына байланыштуу, Түркмөнстандан Кыргызстанга импорттолуучу электр энергиясынын көлөмү жогорулады.