Улуттук энергохолдингдин Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмөсү
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 октября 2021

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Аймактын бул энергосистемасы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылууну шарттайт.

Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен Энергетикалык Системасынын алкагындагы макулдашууларга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!