Улуттук энергохолдинг жана “Альфа-Телеком” ЖАК кызматташуу меморандумуна кол коюшту
Поделиться материалом
Опубликовано: 16 сентября 2021

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Кызматташтыктын алкагында, эки тарап эсептөө приборлору (“акылдуу эсептегичтер”) менен үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн ЭКЭАТ системасын өнүктүрүүдө биргелешкен саясатты координациялоо, Кыргыз Республикасынын аймагында була-оптикалык тармакты куруу, мобилдик тиркемелерди колдонуу менен кызматтарды көрсөтүү үчүн жаңы маалымат продуктуларын иштеп чыгууда биргелешкен аракеттерди көрөөрү жөнүндө түшүнүүгө келишти.

Ошондой эле, компаниялар энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана энергетикалык объектилердин жана телекоммуникациялык инфраструктуранын логистикасын күчөтүү үчүн биргелешкен аракеттерди багыттоо үчүн кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө макулдашышты.

Мындан тышкары, “Альфа Телеком” компаниясы тарабынан маалыматтарды сактоо жана иштетүү үчүн уюлдук оператордун DATA борборун биргелешип колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунушталды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев  Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “Электр станциялары” ААК жана “Жалалабат электр” ААК компанияларынын энергетикалык объектилерин күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.