Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 15 сентября 2021

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев  Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “Электр станциялары” ААК жана “Жалалабат электр” ААК компанияларынын энергетикалык объектилерин күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Холдингдин башчысы Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында монтаждоо иштеринин жүрүшү менен да таанышты, анда жетекчиликке бүтүндөй энергетикалык системанын туруктуу иштеши үчүн №4-гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча оңдоо иштерин аягына чыгаруу милдеттерин койду. Ошондой эле, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн гидроэлектростанциянын иштөө режиминин так сакталышын камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, авариялык өчүрүүлөрдү түп-тамырынан бери жок кыла турган тармактык жабдууларды оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды ишке ашыруу менен Токтогул районунун электр менен камсыздалышын жакшыртуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө, энергохолдингдин башчысы Талайбек Байгазиев пландалган бардык оңдоо иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу зарылдыгын белгилеп, энергетикалык компаниялардын жетекчилерине авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана электр энергиясын керектөөнүн лимиттерин сактоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

         Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев, Энергетика жан өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдындагы, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкка арналган жыйынында билдирди.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Чүй жогорку чыңалуу электр тармактарынын ишканасынын жана “Кыргызстан УЭТ” ААКнын эмгек жамааты менен жолугушту.