Талайбек Байгазиев: “Улуттук энергохолдинг жана энергетикалык компаниялар күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатышат”
Поделиться материалом
Опубликовано: 07 сентября 2021

         Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев, Энергетика жан өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдындагы, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкка арналган жыйынында билдирди.

         Холдингдин башчысы 8 айдын ичинде электр энергияны өндүрүүнүн көлөмү 10,24 млрд кВтсты, анын ичинде ГЭСте 8,98 млрд кВтс жана ЖЭБде 1,26 млрд кВтс түзгөнүн, ошондой эле бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 50,0 млн кВтсга көп экендигин маалымдады.

         «Август айында жалпысынан 959,5 млн кВтсга жакын электр энергиясы керектелген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 110 млн кВтсга көп. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында республика боюнча 9,7 млрд кВтс көлөмүндө керектөө пландалган, бирок 10,5 млрд кВтс  электр энергия керектелди. Ал эми бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 млрд кВтсга көп”, - деди Улуттук энергохолдингдин башчысы. Ошондой эле, учурда Токтогул суу сактагычында келерки күз-кыш мезгилине сууну топтоонун эсебинен электр энергиясын пайдалануунун бир кыйла ашкандыгы байкалкалгандыгын белгиледи.

         Талайбек Байгазиев белгилегендей, 6-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,0 млрд м3, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 млрд м3 аз.

         “Болжолдуу маалыматтар боюнча, бул жылы күтүлгөн суунун көлөмү болжол менен 8,4 млрд м3 же орточо көп жылдык норманын 88% ын түзөт. Ошентип, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү, Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын өз ара берүүнү эске алуу менен, 12,3 млрд м3 түзөт, бул 2020 -жылдын тийиштүү мезгилине караганда 2,9 млрд м3 аз. Ушуга байланыштуу, келерки жылдын биринчи апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмү 8,8 млрд м3 түзүшү мүмкүн, бул гидроэнергетикалык жабдуулардын коопсуз иштеши үчүн сунушталган минималдуу суунун көлөмүнөн 0,9 млрд м3га аз”, - деди холдиндин башчысы.

         Ошондой эле керектөөнүн өсүшүнүн уланышынан улам 2021-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болжол менен  кооптуу көлөмгө жакындап, 6,0 млрд м3 түзүп калышы мүмкүн, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,7 млрд м3 аз.

         Электр энергиясынын тартыштыгынын тобокелчиликтерин алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБин жүктөө кыш мезгилинде 420 МВтка чейин, ал эми жай мезгилинде 155 МВтка чейин жогорулатылды, Ошондой эле, 2021-жылга карата 2,2 млрд кВтс электр энергияны өндүрүү милдети коюлду. Ошондой эле, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын өз ара жеткирүү каралууда.

         Талайбек Байгазиев, ошондой эле күз-кыш мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар катары, Бишкектеги ЖЭБдеги электр жүктөмүн 480 МВтка чейин жогорулатуу, 2022-жылга карата Борбордук Азия энергосистемаларынан жана чакан ГЭСтерден электр энергиясын кошумча сатып алуу маселелери иштелип жатканын айтты. Ошондой эле электр энергия керектөөчүлөрүн  менен жылытуусунан газ менен жылытууга жана башка жылуулук булактарына өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча иштерди аткарып жатышкандыгын белгиледи.

         Мындан тышкары бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан электр энергияны керектөөгө аяр мамиле кылуу зарылдыгы тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө да айтылды.

        Жолугушуунун жүрүшүндө холдингдин башчысы бөлүштүрүүчү компаниялардын тармактарында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери, Бишкек жана Ош ЖЭБине отун сатып алуу, ошондой эле инвестициялык долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев  Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “Электр станциялары” ААК жана “Жалалабат электр” ААК компанияларынын энергетикалык объектилерин күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Чүй жогорку чыңалуу электр тармактарынын ишканасынын жана “Кыргызстан УЭТ” ААКнын эмгек жамааты менен жолугушту.