Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев “Кыргызстан УЭТ” ААКнын эмгек жааматы менен жолугушту
Поделиться материалом
Опубликовано: 02 сентября 2021

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Чүй жогорку чыңалуу электр тармактарынын ишканасынын жана “Кыргызстан УЭТ” ААКнын эмгек жамааты менен жолугушту. 

Акционердик коомдун бир катар кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго мурдагы Башкы директор Э.Куданалиевди кызматтан алуу маселеси боюнча кат жазышкан.

Улуттук энергохолдингдин башчысы башкы директордун кызматы тандалма экенин, чечим Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынганын жана Энергетика жана өнөр жай министрлигине жамааттын учурдагы абалын караштырып, тартипке келтирүү тапшырылганын баса белгиледи. Ал кызматкерлерди конструктивдүү диалогго жана алдыга коюлган максаттарга бирге аракеттенүүгө үндөдү.

Жолугушууда “Кыргызстан УЭТ” ААКнын кызматкерлери компаниянын ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты, ошондой эле Улуттук энергохолдингдин жана акционердик коомдун жетекчилеринен кадрларды дайындоо боюнча адилеттүү чечим кабыл алууну жана компаниянын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөктөшүүнү суранышты.

Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги менен компаниянын эмгек жамаатынын ортосундагы талкуунун натыйжасында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана аны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бирге аракет кылуу, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана пайда болгон бардык маселелерди конструктивдүү түрдө чечүү боюнча өз ара түшүнүүгө жетишилди.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директору Ж.И. Ачикеев аталган каттын мазмуну менен да макул экенин жана диалогго ачык экенин белгилеп, эмгек жамаатты өз милдеттерине профессионалдуу түрдө мамиле кылууга чакырды.

Талайбек Байгазиев, учурда энергетиктердин алдында алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдануу боюнча маанилүү милдет тургандыгын баса белгилеп, пландаштырылган оңдоп түзөө иштерин жана жабдууларды алмаштырууну тез арада бүтүрүү зарыл экендигин билдирди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев  Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “Электр станциялары” ААК жана “Жалалабат электр” ААК компанияларынын энергетикалык объектилерин күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

         Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев, Энергетика жан өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдындагы, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкка арналган жыйынында билдирди.