Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Түндүк РЭТинин курулушунун урматына арналган капсула салуу аземине катышты
Поделиться материалом
Опубликовано: 24 августа 2021

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев, “Түндүк электр” ААКнын Түндүк РЭТи имаратынын курулушунун башталышынын урматына арналган, капсуланы салуу салтанаттуу аземине катышты.

Пландаштырылган РЭТ, шаардын Абдрахманов-Элебесов көчөлөрү жана Жибек -Жолу проспектиси - ул. Профсоюзная-Түндүк айланып өтүүчү жол менен чектелген аймактарын, ошондой эле турак жай аймактарын: Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Дордой II I, Энесай жана  Маевка, Пригородное айылдарын тейлейт.

Ошентип, жаңы РЭТтин ачылышы авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана калк менен иштөөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Жаңы РЭСтин базасы Ак-Босого конушунда жайгашат, бул аралыкты жана шаардын түндүк бөлүгүн тейлөө убактысын кыскартат.

Электр тармактарынын жаңы имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылдын 22 -декабрына чейин - Кыргызстандын энергетиктеринин күнүнө чейин аяктоосу күтүлүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын статс -катчысы Чолпонбек Абыкеев, Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана энергетика ардагерлери катышты.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.