Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Нарын облусуна иш сапары менен барды
Поделиться материалом
Опубликовано: 10 августа 2021

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев, Ыссык-Көл жана Нарын облустарына, электр тармактарынын объекттилеринин күз-кыш мезгилине боюнча даярдыктарынын жүрүшү менен таанышуу максатында, иш сапары менен барды.

Энергокомпаниялардын жетекчилери жана кызматкерлери менен болгон жолугушууда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу, аварияларды болтурбоо үчүн коопсуздук чараларын сактоо, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн лимиттерин так сактоо боюнча милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, калкты жана бюджеттик уюмдарды катуу отун менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маселелерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Улуттук энергохолдингдин башчысы алдыдагы күз-кыш мезгилинде, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануунун, жылуулук менен камсыз кылуунун альтернативалуу булактарын жана заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү тууралуу керектөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.